Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:58

Равшан Жээнбеков саясий туткун деп таанылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Жарандык көзөмөл комитети» экс-депутат Равшан Жээнбековдун иши боюнча бийликке кайрылды.

Кыргызстандагы «Жарандык көзөмөл комитети» уюму 29-июлда бийликке кайрылып, камактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууну жана ага ден соолугуна кам көрүшүнө мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.

Уюмдун координатору Динара Ошурахунова билдиргендей, алар Равшан Жээнбековду саясий туткун деп тааныган. Мында ал эл аралык укуктук негиздер изилденип чыкканын кошумчалады:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

«Жээнбековду жети оор кылмыш үчүн айыптап жатышат. Бирок бири да далилденбей, аны менен кошо күнөөлөнүп жаткан адамдардын сөзү эле далил катары берилүүдө. Тергөөнү жана сотту калыс өткөрүү тууралуу эл аралык да, биздин Кыргызстандын Конституциясынын жана башка мыйзамдарынын да принциптери бузулууда. Ошондуктан биз Равшан Жээнбековду саясий туткун деп айтып жатабыз. Эки күн мурда анын адвокаты ден соолугу тууралуу билдирип, абалы катуу экенин айтты. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «камактагылар арасында ооругандар жок» дегени менен 75 кызматкери пневмония болуп ооруганын ачык жарыялады. Укук коргоочуАзимжан Аскаров да ооруп жатып, эч кандай жардам албай каза болуп калганынан тынчсыздана баштадык».

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Аскаров 25-июлда Бишкектеги №47 абакта каза болгон.

«Жарандык көзөмөл комитети» уюму коронавирус шартында камалып отурган абактагы бардык адамдардын ден соолугуна тынчсыздануу билдирип, Жээнбековдун саламаттыгы начарлап жатканы тууралуу билдирүүлөргө көңүл бурууга үндөдү.

ЖАМК Жээнбековдун саламаттыгы боюнча жаңы маалымат бере элек. 13-июлда анын ооруп жатканы тууралуу кабарларды четке кагып, саламаттыгына эч кандай коркунуч жок экенин билдирген. Буга чейин соттор аны үй камагына чыгаруудан баш тарткан.

Абактагы саясатчынын саламаттыгы жакшы эмес

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун саламаттыгы, анын ден соолугун чыңдашы керектиги тууралуу маалыматтар дээрлик бир айдан бери байма-бай айтылууда.

Адвокат Замир Жоошев билдиргендей, саясатчы гепатит оорусу менен алышып жатат. Ошондой эле анын организминдеги канттын нормасы да бир калыпта эмес.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Равшан Жээнбековдун ден соолугуна медициналык кызмат көрсөтүү маселесин ЖАМК карап жатат. Бирок азырынча чечиле элек. Абакта ага жетиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатат. Эгер ага коронавирус жуга турган болсо абалы оорлоп, өмүрүнө коркунуч келет», - деди Жоошев.

Равшан Жээнбеков былтыр Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалган. Атамбаевди камакка алуу менен аяктаган бул окуяда «Альфанын» атайын тобунун бир кызматкери көз жумган. Жабырлануучулар анын башка шектүү адамдар менен бирге жоопкерчиликке тартылышын талап кылууда.

Бирок коомдук-саясий жана маданий чөйрөнүн 40тай өкүлү июнь айынын башында президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберген. Алар Равшан Жээнбековго коюлуп жаткан айыптар негизсиз экенин белгилешкен.

Саясий ишмерлер «Жээнбеков Кой-Таш окуясында күч колдонууга, кан төгүүгө жеткирбөөнүн аракетин кылып жүргөн. Саясий айдыңда сын-пикири менен белгилүү болуп жүргөн кишилердин камалышы демократияга урулган сокку болду» деп айтып чыгышкан.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков өз оюн мындайча билдирди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча күбө катары тергөөгө катышып жүргөн. Бирок күбөдөн шектүүгө, шектүүдөн күнөөлүү катары айыпталып калганы коомчулукка ар кандай пикирлерди жаратууда. Бирок мунун баары тергөөдө жана сотто аныкталышы керек. Менимче анын ден соолугуна байланыштуу, эч жакка кетпөө тууралуу тилкат менен үй камагына чыгарып тергөөнү улантса болмок. Бирок эмнегедир бул жагы жакшы каралбай жатат».

«​Равшан Жээнбековдун да күнөөсү бар»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында айрым кылмыш иштери боюнча суракка келген жок деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн.

Анда УКМКнын кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева Кой-Таштагы башаламандык үчүн Равшан Жээнбековдун жоопкерчилиги да бар деп эсептей турганын билдирген.

Укук коргоочу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун «Жарандык көзөмөл комитети» уюмунун чечимине кошулбайт.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Сот чечим чыгармайынча, адамды күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп айтканга болбойт. Бир жарандык уюм кимдир бирөөнү «саясий туткун» деп тааныганы туура эмес. Мен алар менен макул эмесмин. Анткени аны сот аныктайт. Азыркы бийлик бир да адамды куугунтуктап, саясий туткун кылган жери жок. Бул сөзүм менен мени бийликке кошамат кылып жатат деп ойлошпосун. Атамбаев болсо кандайча жана эмнеге кармалганы элдин баарына маалым. Ошондо мен Равшан Жээнбековго жолугуп, «Атамбаевге барба, сен таза адамсың» дегем. Равшан Жээнбеков Атамбаевдин курмандыгы болуп калды. Анын соту эртерээк өтүшү керек болчу. Сот күнөөлүү же күнөөсүз деген чечимди батыраак чыгарышы керек. Анткени анын да үй-бүлөсү бар, ден соолугун карашы керек. Тергөө абагында аны кармап отурганга каршымын».

Равшан Жээнбеков былтыр 12-декабрда Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда айыптоого 309-берене («Бийликти күч менен басып алуу») кошулган.

Ал буга чейин «тергөөдө жалган көрсөтмө берүү жөнүндө сунуш болгонун, бирок андан баш тартып түрмөнү тандаганын» билдирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG