Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

ЖАМК: Равшан Жээнбековдун саламаттыгына коркунуч жок


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) «абакта олтурган саясатчы Равшан Жээнбеков ооруп жатат» деген маалыматтарды төгүндөдү.

Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыковдун «Азаттыкка» билдиришинче, анын саламаттыгына эч кандай коркунуч жок.

Мунун алдында саясатчынын уулу Азат Равшан «Твиттердеги» баракчасында «абакта атасы ооруп жатканын, анын өмүрү президент Сооронбай Жээнбековдун колунда экенин жана ага бирдеме болсо мамлекет башчысы жооп берерин» жазды.

Мурдараак саясатчынын тарапкерлери тамак оорусу кармап, сахары көтөрүлүп жатканын, коронавирус же пневмония илдетинен таза экенин билдиришкен.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган.

Бишкек шаардык соту анын камакта калуу мөөнөтүн 18-июлга чейин узарткан. Сот саясатчынын үй камагына чыгаруу тууралуу арызын 8-июнда карап, канааттандырган эмес. Саясатчы ЖАМКга караштуу №1 тергөө абагында отурат.

Буга чейин бир катар коомдук ишмерлер, тарапкерлери Равшан Жээнбековду үй камагына чыгарууга көмөк көрсөтүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышкан.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. Бул үчүн ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG