Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму жылдырылды


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

27-апрелге белгиленген соттук жараян айрым адвокаттардын жана мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сотко келбегенине байланыштуу 29-апрелге жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын сөзүнө караганда мурунку президенттин саламаттыгы начар болгондуктан, сотко келе алган жок.

«Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу дагы эле начар абалда. Кан басымы төмөн. Анын акыбалы тууралуу актыны бүгүн конвой кызматы алып келип, сотко тапшырды», - деди ал.

Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин ушул эле күнү тараткан маалыматына караганда "Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат." Ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Атамбаев сот жараянына баруудан баш тартып, аны жазып бергенин билдирди.

Жолдубаева өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине карабай соттук териштирүү уланып жатканын саясий буюртма катары баалады. Анын сөзү боюнча, сот жараянында өзгөчө абалдын талаптары бузулуп, чакан сот залына 50дөй киши чогулууда.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-мартта башталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG