Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

Экс-депутат Жээнбеков: Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга президент жооптуу


Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков сотто.
Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков сотто.

“Коронавирустан жана өпкөсү сезгенүүсүнөн каза болгон кыргызстандыктардын саны көбөйүп жатканына эң ириде мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков күнөөлүү”. Мындай билдирүүнү учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган саясатчы Равшан Жээнбеков 18-июлда таратты.

Билдирүүдө: “Президент пандемиянын башынан бери өзгөртүлбөй, сакталып келген дарылоо алгоритми үчүн жоопкер. Ал өлкөнү эпидемиологиялык оор абалга алып келген кадрлар үчүн жооптуу. Мынчалык көп сандагы өлүмгө да ал күнөөлүү” деп жазылган.

Саясатчы кыргызстандык жарандарга кайрылып, “Шайлоого камынгыла, жашоо үчүн, эркиндик жана эртеңки күн үчүн даярдангыла” деп жазган.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 18-июлда 1-радиого курган маегинде өлкөдө абал кооптуу экенин мойнуна алып, мындай абалдын түзүлүшүн өз ишин билбеген жетекчилердин жана коронавирустун жайылуусун алдын алууда санитардык талаптарды аткарбаган элдин кайдыгерлигинен көргөн.

Ал эми 9-июлда жасаган элге кайрылуусунда президент "30 жылдан берки топтолгон көйгөйлөр деп актанып отурууга, күнөөлүүлөрдү издөөгө азыр убакыт жок. Ошондуктан, тынбай иштеп жатабыз. Болгон аракеттер көрүлөт жана милдеттер аткарылат!” деген.

18-июлга карата Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга кабылган 1264 адам катталган. Бул илдеттерден бир суткада 73 адам көз жумган. Ал күнкү маалыматты кошкондо Кыргызстанда жалпы коронавирус жана пневмония оорусуна чалдыккандардын саны 25 миңден ашты, пандемия башталгандан бери бул илдеттерден көз жумгандардын саны 858 адамга жетти.

Адистер 6,5 миллион чамалуу эли бар Кыргызстан үчүн бул чоң көрсөткүч экенин айтышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG