Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Парламент комитети Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусун жактырды


Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын мүчөлөрү.
Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын мүчөлөрү.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырып, жалпы жыйынга алып чыгууну колдоду. Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтык Шайназаров баары калыс иликтенгенин белгиледи. Парламенттин тийиштүү комитетинде комиссиянын корутундусу боюнча суроо берилген жок.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу даяр болду. Комиссиянын корутундусунун долбооруна комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков каршы добуш берген. Алар муну Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциянын башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганы менен түшүндүрүшкөн.

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Комиссия эки ай бою иш алып барды. Анын жүрүшүндө окуяга күбө болгондор, тиешелүү органдардын өкүлдөрү маалымат берип, Кой-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Мындан сырткары комиссия мүчөлөрү мурдагы президентти кармоо маалындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары, анын ичинде жашыруун маалыматтар менен таанышкан.

Комиссия ишин жүргүзүп жатканда эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар комиссия бир тараптуу чечим чыгарат деп жүйө кылышкан. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG