Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:26

Кой-Таштын тургундары комиссияга даттанышты


Кой-Таштыктар комиссияга талап койду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

Кой-Таштыктар комиссияга талап койду

Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасын жана ички иштер министрин жоопко тартууну талап кылышты.

Алар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери элге каршы согуштук куралдарды колдонуп, адамдарды сабаганын айтып арызданышты. Комиссия мүчөлөрү өз корутундусунда укук коргоо органдарынын ишине баа берерин билдиришүүдө. Ал эми Аскер прокуратурасы Атамбаевди кармоо операциясын жетектеген укук коргоо органдарынын башчылары Кой-Таш окуясы боюнча козголгон иште күбө катары өтүп жатканын жарыялаган.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия 26-сентябрда кезектеги жыйынын Чүй облустук администрациясында өткөрүп, Кой-Таш жана Арашан айылынын тургундары менен жолукту. Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүндө кармоо учурунда ошол жерде болгондор да келди.

Эки айылдын тургундары Кой-Таш операциясында укук коргоо органдарынын кызматкерлери адамдарды, анын ичинде аялдарды ур-токмокко алып, элге каршы согуштук куралдарды колдонгонун айтышты. Буга жол бергени үчүн Алмазбек Атамбаевди кармап кетүү операциясын уюштурган күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин жоопко тартууну талап кылышты.

Кой-Таш айлынын тургуну Зууракан Сатыбекова 7-августта аны күч кызматкерлери сабаганын айтты:

Зууракан Сатыбекова.
Зууракан Сатыбекова.

- Эркек балдарга тийген жок. Аялдарды тепкилеп чыгышты. Мени бирөө кулак түпкө чапканда жыгылып калдым. Туруп алып басып баратсам дагы бирөө келип чаап, колго тепти. Колум сынып, гипсин жаңы эле чечтим. Аялдарга кол көтөргөн жакшы эмес.

Ушундай эле доомат менен бир нече киши арызданып, 7-8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо ишинин башында турган УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди жана операцияга катышкан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.

Буга чейин айылдыктардын ушундай эле маанидеги, 1700 кишинин колу коюлган жамааттык кайрылуусу Башкы прокуратурага жөнөтүлүп, арыз боюнча Аскер прокуратурасы иш алып барып жатат.

Кой-Таш айылынын дагы бир тургуну укук коргоо органдары 7-8-август күндөрү согуштук куралдарды колдонгонун айтып, буларга токтолду:

- Опумбаев биринчи жолу берген маалыматында «биз жалаң гана желим ок атуучу курал менен барганбыз» деп айтты. Ошол эле видеодо «биздин 14 согуштук куралыбыз жок болуп жатат» деди. Ал өзүнө-өзү каршы чыгып жатат. «Биз согуштук курал менен барган жокпуз» деген менен биздин балдар октон жаракат алып, 145 киши ооруканада жатат.

Ал эми Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялардан жаракат алып 100дөн ашык адам ооруканага кайрылган. Анын ичинен 83ү укук коргоо органдарынын кызматкерлери, «Альфа» түзүмүнүн 36 кызматкери жана 50 жайкын тургун бар. Ошондой эле «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон. Бул окуялар боюнча баш-аягы 39 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссия. 26-сентябрь, 2019-жыл.
Кой-Таш окуясы боюнча комиссия. 26-сентябрь, 2019-жыл.


Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү Артур Медетбековдун маалыматына караганда, Атамбаевди кармоо операциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери согуштук курал да алып барышкан. Бирок ал колдонулбаганын айтып жатат. Ушуга чейин окуя учурунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерининен тартып алынган куралдардын ичинен 10дон ашыгы жана ок-дарылар дагы эле табыла элек.

УКМК менен ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги тууралуу маселе комиссиянын 23-сентябрдагы жыйынында да көтөрүлгөн. Анда аскер прокурору Нуркамал Набиев кайсы бир жетекчиге кылмыш иши козголбогонун, бирок Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында укук коргоо органдарынын жетекчилери күбө катары суралып жатканын ачыкка чыгарган.

Нуркамал Набиев.
Нуркамал Набиев.

- Күч органдарынын жетекчилеринин ишине сөзсүз баа берилет. Бул сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтенип жатат. Анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялайбыз. УКМКнын төрагасынан тарат ички иштер министри жана Кой-Ташта болгон бардык күч кызматкерлери күбө катары өтүп жатышат, - деген эле ал.

Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта УКМКнын «Альфа» атайын түзүмү уюштурган биринчи операция ишке ашпай калган. Бул окуядан кийин атайын кызматтын төрагасы Орозбек Опумбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы, бирок аны президент кабыл албай койгону белгилүү болгон. Кийин Бишкектө өткөн басма сөз жыйынында Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча иш аягына чыккандан кийин кызматын тапшырууга убада берген.

УКМКнын ийгиликсиз операциясынан кийин 8-августта Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операцияны ИИМ уюштуруп, аны министр Кашкар Жунушалиев жетектеген. Ага баш-аягы 1700дөй кызматкер катышып, жыйынтыгында Атамбаев жана анын тарапташтары өз эрки менен колго түшүп беришкен.

7-8-августта Кой-Ташта түзүлгөн кырдаалды иликтеген комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Райымкулов комиссиянын корутундусунда күч түзүмдөрүнүн иш-аракетине баа берилерин айтты.

- Комиссиянын жыйынтыгын Жогорку Кеңеш алып чыгат жана бул маселе боюнча аларга саясий баа берилет. Эгерде кызматкерлерди туура эмес башкарып, туура эмес кылган иштери болсо бардыгы жоопко тартылсын деген чечим чыгарабыз.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук-саясий ишмерлер, эксперттер кирген. Комиссия ишин 15-октябрда жыйынтыктайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG