Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Кой-Таш окуясы жашыруун иликтенет


Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн алды. 9-август, 2019-жыл.
Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн алды. 9-август, 2019-жыл.

7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия 12-сентябрда төртүнчү отурумга чогулуп, анда окуянын күбөлөрү саясатчы Равшан Жээнбековдун, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун маалыматын угушту.

Чакырылгандардын ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова саламаттыгына байланыштуу келген жок. Комиссиянын жыйындары жабык өтүп жатат. Комиссия сыр деп эсептелген документтер менен таанышууга киришери айтылууда.

Кой-Таш окуясын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия окуянын катышуучуларын жана түз күбөлөрдү чакырып, суроо-жооп иретинде маалыматтарды алып, топтоп жатат.

11-сентябрдагы отурумунда Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчилеринин маалыматы угулган. Бул тууралуу «Азаттыкка» комиссиянын мүчөсү, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Маалымат бергендердин арасында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да бар. Маселен, 11-сентябрдагы жыйынга ИИМ менен УКМКнын жетекчилери келип, биздин суроолорго жооп беришти. Алар 7-8-сентябрдагы окуяны толугу менен хронологиялык негизде баяндашты. Биз толук маалыматтарды алдык. «Саат канчада ким каякка барган?» деген суроолорго жооп алдык. Ошол эле учурда бир топ материалдар тергөө сырына байланыштуу айтылбай турат».

Комиссия мүчөлөрү УКМКга барат

Мамлекеттик комиссиянын дагы бир мүчөсү Алишер Мамасалиевдин айтымында, сыр деп эсептелген документтер менен таанышууга келаткан аптанын башында уруксат берилиши керек.

Комиссия мүчөлөрү бул үчүн атайын сырды ачыкка чыгарбоо боюнча маалыматтарга кол коюп беришкен.

«Атайын кагазга кол койгондон кийин, биринчи күнү бизге жашыруун документтер менен таанышууга шарт түзүлөт деп ойлойм. Айтор кийинки аптада бизге УКМКнын имаратына киргенге уруксат берет болушу керек деп жатабыз. Биз ошол жактан тийиштүү маалыматтарды алалы деп жатабыз», - деди ал.

Комиссиянын 12-сентябрдагы отурумуна окуянын күбөсү катары чакырылып, суроолорго жооп берген саясатчы Равшан Жээнбеков комиссиянын мүчөлөрү бир кылка экенин айтып, комиссиянын калыс чечиминен күмөн санады:

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

«Комиссия калыс болушу үчүн бейтарап адамдар көп болушу керек болчу. Өзгөчө жыйын ачык болуп, ЖМК жана жарандык коом өкүлдөрү жыйынга катышышы керек эле. Бирок ошентсе да чакыргандан кийин суроого жооп берип койгон туура деп мен бул жерге келдим. Себеби бул маселе бул күн менен эле бүтпөйт, бул тарыхый маселе болуп калды. Болгон суроолоруна жооп берип, өзүмдүн позицияды айтам».

Комиссия бир айдан кийин бүтүмүн чыгарат

Анткен менен комиссия мүчөсү, Артур Медетбеков комиссия бейтарап иштеп жатканын билдирип, аны мындайча негиздеди:

«Комиссия эч жакка тартпайт, Кой-Таш окуясына байланышы бар эки жакты тең угат. Биз күч органдарын, жарадар болгондорду, дарыгерлерди, айтор бардыгын угуп, изилдеп, териштиребиз. Комиссия - тергөө органы эмес, биз каралоочу да орган эмеспиз. Канчалык деңгээлде Кой-Таш окуясында мыйзам бузулганын, кимдин укугу тебеленгенин аныктайбыз. Бул жыйынтыктын бардыгын Жогорку Кеңешке беребиз. Бул материалдарды караган соң депутаттар гана өз баасын берип, юридикалык, саясый чечимдерди чыгарышат деп ойлойбуз».

Медетбековдун айтымында, Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын иши дагы бир айга созулушу ыктымал. Комиссия аптасына эки ирет чогулуп жатат.

Ал арада акыйкатчы Токон Мамытов Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу №1 тергөө абагында камакта жаткан мурдагы президенттин аппаратынын башчысы Фарид Ниязов жана дагы үч киши менен жолугуп чыкканы белгилүү болду.

"Фарид Ниязов жана башкаларга жолуктум. Шарты боюнча арызданышкан жок. Бирок, “мен курал кармаган эмесмин, эч кимди сабаган жокмун, ак жеримден отурам” деп жатышат. Бирок, азыр жыйынтык чыгарууга эртелик кылат, - деди Мамытов.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер кирген.

Мамлекеттик комиссиянын карамагында эки жумушчу топ иштеп жатат. Алардын бири Кой-Таштагы окуялардын кесепетинен келип чыккан маселелерди талдайт. Бул топко Бактыбек Райымкулов, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов, Абдыбек Дүйшалиев, Алмазбек Баатырбеков, Марат Жаманкулов, Рысбек Абдысатаров, Кубатбек Кожоналиев, Алишер Мамасалиев кирди.

Ал эми 7-8-августта болгон окуялардын талдоосун даярдоо боюнча жумушчу топко Жеңиш Разаков, Жаныбек Бакчиев, Бакирдин Субанбеков, Исмаил Исаков, Азамат Араев, Алтынбек Намазалиев, Бекболсун Асанкулов, Артур Медетбеков, Марс Саккараев кирген.

Кой-Таш окуясы.
Кой-Таш окуясы.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурундагы кагылышууда УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон, мындан тышкары ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Алардын ичинен Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, Москвада дарыланып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG