Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Атамбаевдин ишиндеги айрым мүлк объектилери камактан чыгарылды


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Башкы прокуратуранын тараткан маалыматына ылайык, Аскер прокуратурасынын мыйзамсыз баюу фактысынын сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында камакка коюлган Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн текшериш үчүн 17-августа Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Башкы көзөмөл органынын изилдөөсүнөн кийин камакка коюлган мүлктүн арасынан 20сынан камак чарасы алынды. Алардын ичинде «Жал» кичи районундагы №77 турак үйдөгү 18 батир жана «Телерадио уюмдарынын ассоциациясы» уюму бар. Башкы прокуратура учурда Атамбаевге жана анын жакындарына таандык мүлктү текшерүүнү улантып жатат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлган. Маалыматка караганда, мурдагы президенттин 25 банкта эсеби болгон. Мындан сырткары Атамбаевге жана анын аялына, «Кыргызавтомашка», «Апрель-ТВ» жабык акционердик коомуна тийиштүү деп кабарланган банктык уячалары камакка коюлду.

Башкы көзөмөл органы тараткан маалыматка караганда, беш автоунаа, төрт жер тилкеси (алардын экөө Кой-Ташта, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда), Кой-Таштагы ден соолукту чыңдоо борбору, турак үй, Арашандагы жайыт, Кой-Таш менен Арашанда көп жылдык дарактар отургузулган үч жер тилкеси мурдагы президентке караштуу экени аныкталды. Ушунун бардыгына жана Раиса Атамбаевага караштуу үч автоунаа, батир жана Бишкектеги жеке менчик үй камакка коюлду. Камакка алынгандардын арасында «Кыргызавтомаштын» мүлкү, Жал кичирайонундагы көп кабаттуу үй, ушул эле райондогу 18 батир, Ибраимов көчөсүндөгү үч батир, Матросов көчөсүндөгү киши жашабаган 39 имарат, ушул эле көчөдөгү жер тилкелери, соода үйү, дүкөн, кеңсе, темир жолу жана Матросов көчөсүндөгү резервуар, 18 цех, 9 кампа бар.

Мындан сырткары «Медиа Форум» ишканасынын мүлкүнө, Чолпон-Ата шаарынын курорттук аймагындагы бүтө элек эки объект, жер тилкеси камакка коюлду.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта тарапташтары менен жолугушууга чыккан учурда банктык эсептери жана уячасы жок экенин билдирген. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган. Бүгүн шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырды. Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG