Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:37

Чүй милициясынын башчысы Курманкулов эсине келди, палатага которулат


Самат Курманкулов.
Самат Курманкулов.

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов эсине келип, өз алдынча дем алууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди. Анын айтымында, Курманкулов эртең, 5-сентябрда кадимки палатага которулат.

- Курманкулов өзүнчө дем алып, көзүн ачып атат. Оң колу сырткы реакцияны сезип жатат. Болжол менен эки жумадай ошол ооруканада жатат. Андан кийин Москвдагы реабилитациялык борборго которулат - дейт Мадемин Каратаев.

Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жаракат алган. Бир нече күн комада жатып, 11-августта орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалып, жабырлануучуну аталган борбордун дарыгери, академик Александр Потапов бир сыйра кароодон өткөргөн.

Милициянын башчысын дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет. Курманкуловдун абалы министрликтин көзөмөлүндө турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG