Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:58

Равшан Жээнбеков кайра камакка алынды


Равшан Жээнбеков: менин камалышым - саясий куугунтук
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

Равшан Жээнбеков

Былтыркы октябрь окуяларындагы тополоңдо абактан чыгып, кийин бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан тергөө абагына киргизилди. 5-августтагы Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин борбор калаадагы №1 тергөө абагына камалды. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузган деп тапты.

Жээнбековду камакка алуу өтүнүчүн прокурорлор келтирген. Коомдук ишмер үй камагынын шартын бир жолу бузганын моюнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган.

Саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев соттун чечими мыйзамсыз экенин айтты.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

"Равшан Жээнбеков боюнча чыккан чечим мыйзамсыз. Себеби, бул иш өндүрүшү 14-апрелде токтотулган. Андан кийин Равшан Жээнбековго карата баш коргоо чарасынын мөөнөтү узартылды деген маалымат алган эмеспиз. Демек, ал бүгүнкү күндө үй камагында дагы эмес. Бизде үй камагынын мөөнөтү жылдырылды деген чечим жок. Ал эми азыр үй камагынын шартын бузду деп камап жатат. Эгер үй камагы өзү тандалбаган болсо, анда кайсы шарт бузулат? Эми 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды", - деди Жоошев.

Равшан Жээнбеков Акаевдин бийлигинин акыркы жылдарынан тарта ушул күнгө чейин кайсы гана бийлик болбосун сынчыл, альтернативдүү көз караштарын айтып келген саясатчы катары белгилүү. Ал азыркы президент Садыр Жапаров утуп чыккан быйылкы президенттик шайлоого катышып, демократиялык башкарууну, парламенттик системаны жактаган программасы менен чыккан. Бирок үй камагынын шартына ылайык, ал аймак кезип үгүт иштерин жүргүзө алган эмес.

Саясатчы соттун аны кайра камакка алган бүгүнкү чечимин оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырып, муну "саясий куугунтук" деди.

"Бул бийликтин дагы бир катасы деп ойлойм. Себеби, саясий аренадан оппозициячыл, башка көз караштагы саясатчыларды жок кылып, түрмөгө камап, шайлоого катыштырбай көзөмөлдөп турганга аракет кылып жатышат, болгону ушул. Мени үйдө болуу эрежесин бузуп, сыртка чыгып кеткен деп кайрадан эркиндигимден ажыратуу чечимин кабыл алышты", - деди Равшан Жээнбеков.

Жээнбековду милиция кызматкерлери алып кетип баратканда ал тарапташтарына “Кыргызстанда баары бир демократиялык мамлекет курабыз” деп кайрылды.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы башаламандык окуялар үчүн айыпталууда. Ал бул айып менен №1 тергөө абагында бир жылга жакын отурган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган.

Саясатчы 2019-жылы 12-декабрда Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, ага Жазык кодексинин 244-беренеси ("Барымтага алуу") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып коюлган. Кийин айыптоого 309-берене ("Бийликти күч менен басып алуу") кошулган.

Эки жыл мурда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу тууралуу суракка баруудан баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

Атап айтканда, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында атайын операция учурунда Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары менен кагылышкан. Анда УКМКнын кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, Бишкек милициясынын ошол кездеги башчысы Самат Курманкулов катуу жабыркаган. Ошондой эле кагылышта 200дөн ашык адам жаракат алган. ИИМдин Тергөө кызматы окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон.

Курман болгон офицер Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева буга чейинки соттордо Кой-Таштагы башаламандык үчүн Равшан Жээнбековдун жоопкерчилиги да бар деп эсептей турганын билдирген.

"Кой-Таш окуясында жалаң сабатсыз саясатчылар Атамбаевдин башын айландырышты. Ушул жерде Равшан Жээнбековдун да чоң ролу бар. Кырдаалды тескери жакка бурууда ошолордун баарынын чоң күнөөсү бар. Алар «биринчи революцияны жасадык, экинчи революцияны жасадык» деп үйрөнүп калышкан. Алар укук коргоо органдарынын алсыздыгынан пайдаланып, төңкөрүш аркылуу дагы бийликке келебиз деген максаты болгон".

Милициянын ардагери, полковник Замир Рысбеков саясатчылардын тирешинен келип чыккан окуя үчүн ага күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек деп эсептейт:

"Күнөөлүү саясатчыларды камаш керек. Орто жолдо милиция эле жабыр тартты. Самат Курманкулов жарадар болду, дагы бир кызматкер өлдү. Ушул оюндун баарын кылган саясатчылар болуп жатат, бийлик талашып. Милицияга кол көтөргөндөр жоопко тартылышы керек. Алар өз ишин кылып жатат да".

Замир Рысбеков ошол эле кезде атайын операция учурунда күч органдарын жетектеген адамдардын да жоопкерчилиги каралышы керек деген ойдо.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун кайра камакка алынышы боюнча мурдагы премьер-министр Феликс Кулов буларга токтолду.

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Адамды камакка алуу үчүн жүйөлүү себеп болушу керек. Мисалы, ал соттун тергөөсүнөн жашырынса, тергөө ишине тоскоолдук жаратса, күбөлөргө таасир тийгизсе, туруктуу бир жерде жашабаса, коомго коркунуч жаратса, кеп башка. Мындай нерселери жок эле формалдуу түрдө дароо камакка алуу бул туура эмес. Тергөөчүлөр ошондой чечим чыгарган күндө деле сот бул нерсеге көңүл буруп карашы керек. Бул жерде адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатат. Андыктан, формалдуу мамиле жасоого болбойт. Сот адилеттүүлүк принцибин карманышы керек", - деди ал.

Жээнбеков 2001-2005-жылдары, Аскар Акаев президент болуп турганда Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген. Март ыңкылабынан кийин Малайзияда эки жылдай элчи кызматын аркалаган. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG