Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Атамбаев Жапаровду "иш токуган тергөөчүлөр менен прокурорлордон тазаланууга" чакырды


Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровду кылмыш иштерди буйрук боюнча “токуган” тергөөчүлөрдөн жана прокурорлордон тазаланууга чакырды.

5-августта Атамбаев Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына карата кайрылуу жарыялап, Жапаровдун “Убактымды куугунтукка коротпойм” деген билдирүүсүн “так жана таасын сөз” деп атады, андай кызматкерлер “чоңдоруна жагыныш үчүн куугунтук жүргүзүүнү, буюртма иштерди козгоону гана билет” деди.

“Алар Сооронбай Жээнбековду, аны менен кошо бүт өлкөнү сазга батырды. Эгер Садыр Жапаров алардан арылбаса “баткактан” өзү да чыга албайт, Кыргызстанды да чыгара албайт” деди Атамбаев.

Мурдагы президент 2019-жылы Кой-Таш окуясы менен башталган “укуктук башаламандык азыр да уланып жатканын”, ошол күнү “куралчан согушкерлердин тынч элге кол салуусу” болгонун, “жаңы бийликтин тушунда да чындык орнобой жатканын” айтты.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Кой-Таш айылындагы операция Атамбаевдин үйүндө аны кармоо үчүн жүргүзүлгөн. Бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Бул иш боюнча 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Бийликке 2020-жылдын октябрында ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткенден кийин келген азыркы башчы Садыр Жапаров Атамбаевдин маселесине кызыкпай турганын быйыл 27-апрелде билдирип, “Атамбаевди качан бошотушат деп ойлойсуз?” деген суроого “Аны сот чечет” деп жооп берген.

Жапаров быйыл Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн сот системасына беш жаңы мыйзамды сунуштады. Алар сот бийлигинин көз каранды эместигин камсыздоого багытталганы айтылган.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев мыйзам бузган кызматкерлер жазага тартыларын билдирип "Мыйзамсыз чечим чыгарган сот, мыйзамсыз чечим кабыл алган тергөөчү сөзсүз жооп бериши керек. Акталган адамдар, укугу кордолгон адамдар арыз менен сөзсүз кайрылышы зарыл" деп апрель айында айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG