Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

Өкмөт: 2,4 млн. адам эмделгенде жамааттык иммунитет калыптанат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска каршы жамааттык иммунитет калыптанышы үчүн 2 миллион 400 миң адам эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу 5-августта вице-премьер-министр Жылдыз Бакашова билдирди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин соңку маалыматына караганда, эмделгендердин жалпы саны 651 миңге жетти. Алардын 140 миңи экинчи дозасын да алышты.

Ошентип, эмделүүгө тийиш болгондордун 27% толук эмдөөдөн өттү. Бул көрсөткүч 70% жеткенде жамааттык иммунитет калыптанарын адистер айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG