Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Жапаров эки күндүк иш сапар менен Түркмөнстанга жөнөп кетти


Ашхабад.
Ашхабад.

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн бүгүн, 5-августта эки күндүк иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кетти. Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда соода-экономика, энергетика, транспорт-коммуникация чөйрөлөрүндөгү аймактык кызматташтык маселелери, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө биргелешкен чаралар талкууланат.

Сапар алкагында Садыр Жапаров аймактагы өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да жүргүзөт.

Расмий делегациянын курамында Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев, транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев бар.

Аталган жыйын Кыргызстанда өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жана өткөн жылкы октябрь окуяларынан кийин Түркмөнстан аны Ашхабадда өткөрүүнү сунуш кылган.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жыйын 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган.

Садыр Жапаров Түркмөнстандын борбору Ашхабадда быйыл июнь айында да болуп, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышкан жана жетекчилик менен жолугушууларды өткөргөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG