Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:37

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылыгын токтотту


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов 5-августта 12 күндүк ачкачылыгын токтотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирип, мындай чечимди ал тарапташы Тилекмат Кудайбергеновдун жана акыйкатчы аппаратынын башчысы Аскат Азарбековдун өтүнүчү боюнча кабыл алганын айтты.

"Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматовду 5-августта Бишкектеги Кардиология жана терапия борборунда медициналык кароодон өткөргөндөн кийин кайра шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына жеткиришти. Медициналык текшерүүлөрү эртең да уланмай болду.

Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков "Азаттыкка” маалымат берип, төмөнкүлөрдү айткан:

“Жүрөгүн каратып, текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Төрт-беш күн мурда жолукканымда Молдокматов чыйралып, жакшы эле турган. Бирок дарыгер «тамак ичпей жаткандыктан мунун ден соолугу начарлайт» деп айткан. Молдокматов өзү бөйрөгү, ашказаны ооруй баштаганын билдирген”.

4-августта Молдокматовду Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайынан №1 тергөө абагына которушкан.

Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.

Молдокматов президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап, камалышын саясий куугунтук катары баалап келет. (EBM/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG