Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:41

АКШ менен Британия эмделген чет элдиктерге чек арасын ачат


Британиядагы аэропорттордун биринин чыга бериши.
Британиядагы аэропорттордун биринин чыга бериши.

АКШ президентинин администрациясы вакцина алган чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө уруксат берүүнү көздөп жатканын Ак үйдүн жогорку даражалуу өкүлү 4-августта билдирди.

Ал эми Британия чет элдиктерге кирүү эрежелерин жеңилдетүү планы каралып жатканын билдирди.

Ал арада Кытай жапырт анализ алуу маалында коронавирустун «дельта» штаммы ондогон адамда аныкталганы үчүн каттамдарды чектей баштады.

Олимпиада оюндары өтүп жаткан Жапониянын дагы сегиз облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилиши мүмкүн.

Америкадагы Жон Хопкинс университетинин эсебине караганда, коронавируска чалдыккандардын саны дүйнөдө 200 миллиондон ашты. Каза болгондор 4,2 миллиондон көп. Адистер бул оорудан каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет. Анткени көп мамлекеттердин бийликтери өлгөндөрдүн санын азайтып көрсөткөнгө аракет кылышат.

Бул маалда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму бай мамлекеттерди вакцинанын үчүнчү дозасын саюуну убактылуу токтото тууруга, ашыкча препараттар менен муктаж мамлекеттерге бөлүшүүгө чакырды.

Израил дүйнөдө биринчилерден болуп вакцинанын үчүнчү дозасын жашы алтымыштан өткөндөргө сайып баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG