Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

УКМК Равшан Жээнбековдун судья карындашын айыптады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын билдирди.

Судья атайын кызматтын маалыматы чындыкка дал келбей турганын айтса, анын бир тууган агасы, коомдук ишмер Равшан Жээнбеков муну өзүнүн саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырды.

Атайын кызмат Бишкек шаардык судьясына мыйзамдуу киреше булагын көрсөтпөгөнү менен ага ондогон кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана коммерциялык объектилер таандык экенин кабарлады.

«Атап айтканда анын 74 кымбат батир, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жай, ошондой эле Бишкек шаарынын "алтын аянты" деп аталган аймагында жайгашкан кымбат баалуу жер тилкелери аныкталган. Муну менен катар, аталган судья «Ж.М.Б.», кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында, кезегинде эч кандай далилденген мыйзамдуу киреше булактарын жок кылуу үчүн жакын туугандары жана башка адамдарга керектүү сатуу-сатып алуу келишимдерин түзгөн», - деп айтылат маалыматта.

УКМК судьяга кылмыш ишин козгоого макулдук алуу максатында маалыматтарды Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөткөн.

Атайын кызмат судьянын декларацияга киргизилбеген башка кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо иштери уланып жатканын, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын да кошумчалады.

Мира Жээнбекова ага коюлган дооматтарды четке какты. Ал өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалганга чейин бар болгонун, УКМК фактыларды бурмалап бергенин белгилеген.

Жээнбековнын жолдошу Султан Шадиев УКМК тизмектеген батирлердин көбү ага таандык жер тилкесине курулган түрк курулуш компаниясыныкы экенин айтты.

Шадиев ата-энесинен калган 3,5 сотых жер аянтын түрк компаниясына үлүшкө кирип бергенин, андан жалпы 10 пайыз үлүшкө ээ болгонун айтат.

«Ал жер 80-жылдан бери эле ата-энемдин жери болчу. Жер тилкеси ата-энемден белекке калган. Биз курулуш компаниясы менен келишим түзүп, жерибизди коюп үлүшкө кирдик. Үлүшүбүзгө жараша кеңселер жана батирлер берилди. Менин келинчегим Мира Жээнбековага эч кандай тиешеси жок. Үйлөнгөнгө чейин эле ал жер мага таандык болчу»,-деди Шадиев.

Ал эми 9-апрелде судьянын жакындары жана адвокаттары Бишкекте атайын маалымат жыйынын өткөрүп, УКМКны жалган маалымат таратып жатат деп айыпташты.

Равшан Жеенбеков
Равшан Жеенбеков

Бишкек шаарындагы Токтогул 167 дарегиндеги 10 сотых жерге курулган көп кабаттуу турак жайда Шадиевдин үлүшүнөн сырткары Мира Жээнбекованын агасы, саясатчы Равшан Жээнбеков да 10 пайыз үлүшкө ээ.

Саясатчы ал жерде мурда атасы Бабырбек Жээнбеков ээлик кылган “Алиби” гезитинин редакциясы жайгашканын, ал дагы 10 пайыз үлүш менен түрк курулуш компаниясына жер тилкесин сатканын айтат.

«Ал жерде мурда "Алиби" гезитинин редакциясы отурчу, менин атамдыкы. Менин үлүшүм бар, күйөө балам менен карындашымдын да үлүшү бар. Менин үлүшүмдү да карындашыма жазып жатат, түрктөр курган батирдин бардыгын менин карындашыма жазып, жалган маалымат таратышууда. Менин төрт кичинекей кеңсем, үч батирим бар».

Равшан Жээнбеков карындашы тууралуу УКМКнын маалыматы анын саясий ишмердүүлүгү жана ал ээлик кылган «Next TV» телеканалынын позициясына байланыштуу деген пикирде.

«Себеби, мага 2-3 айдан бери ар кандай сигналдар болуп атты. Аңдып атат, балдарыңды аңдап атат, туугандарыңды аңдып атат. Телеканалдын позициясын өзгөрт деген сигналдар болуп жатты. Мен телевидениеге кийлигишпейм, алардын позициясын аныктабайм», -деди Жээнбеков.

Жээнбеков 2001-2005-жылдары, Аскар Акаев президент болуп турганда Мамлекеттик мүлк фондун жетектеген. Март ыңкылабынан кийин Малайзияда эки жылдай элчи кызматын аркалаган. Ошондой эле Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Анын карындашы, Мира Жээнбекова төрт жыл мурун, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Бишкек шаардык сотуна судья болуп шайланган. Ага чейин Юстиция министрлигинде иштеген.

Жазуучу, коомдук ишмер Чолпонбек Абыкеевдин баамында, атайын кызмат коррупцияга каршы жигердүү иш алып барууда. Ошондой эле мыйзамсыз баюу иштери менен кылмыш иштерине саясий түс берүү адатка айланды деген пикирде.

«УКМК сөзсүз түрдө такталган маалыматтарды берсе керек, расмий орган да. Ошондуктан мен УКМК берген маалыматтарга ишенем. Равшан Жээнбеков чоң бизнесте жүргөн адам эмес, отуз жылдан бери саясатта келе жатат. Саясатчылардын арасынан жемкорлор эле байып кетпесе, саясатта жүргөн адамдардыкы айлык эле да. Ошого карабай ушунча көп байлыкка ээ болуп калганы таңкалычтуу. Менин оюмча ал жерде эч кандай саясат жок».

Равшан Жээнбеков буга чейинки дээрдик бардык президенттердин тушунда бийликке сын айткан саясатчылардын бири катары таанымал. Ал Кой-Таш окуясы үчүн 2019-жылы камалып, октябрь окуяларында абактан чыккан. Учурда сот иштери аяктай элек.

Жээнбеков быйыл Садыр Жапаров утуп чыккан президенттик шайлоого катышкан. Жарандык активист Адил Турдукулов саясатчы демократиялык баалуулуктарды жайылтууга, атайын кызматты реформалоого чакырып келгенин белгиледи.

«Жыйырма жылдан бери Равшан Жээнбеков "УКМКнын маңызын өзгөртүш керек, ачык болуш керек, атуулдук коом, маалымат каражаттары ошол органды өзгөчө көзөмөлдөш керек. Ансыз чыныгы демократиялык өлкө кура албайбыз" деп какшап эле айтып келе жатат да. Анын бир тууганына кылмыш ишин козгоодо кандайдыр бир саясий кызыкчылык бар болушу мүмкүн деген ойдомун»..

Жээнбековго таандык «Next TV» телерадиоканалы алгач Таласта аймактык көз карандысыз радио катары обого чыккан. 2013-жылдын апрель айынан тартып, телеканал катары иштей баштаган. Канал өлкөдө болуп жаткан коомдук - саясий окуяларды байма-бай чагылдырат.

«Next TV» «Настоящее Время», «Немис толкуну» (DW) телекомпанияларынын, «Азаттык» радиосунун өнөктөшү катары алардын продукцияларын өлкө аймагында обого чыгарып келет.

Өткөн жылы УКМК мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жогорку Соттун судьясы Камил Осмоналиевди кармаган. Натыйжада анын кыймылсыз мүлктөрү өзүнүн кирешесине караганда 114 миллион сомдон ашып түшкөн. Тергөөдө Осмоналиев айыбын мойнуна алып, 70 миллион сомду мамлекетке кайтарган. Калган 44 миллионун үч айдын ичинде төлөп берүүгө милдеттендирилген.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG