Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Кыргыз жана түркмөн президенттери кызматташтыкты талкуулашты


Садыр Жапаров жана Гурбангулы Бердымухамедов. 2021-жылдын 6-августу.
Садыр Жапаров жана Гурбангулы Бердымухамедов. 2021-жылдын 6-августу.

Кыргызстан Түркмөнстан менен эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча бардык аракеттерди көрүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 6-августта Түркмөнстанга иш сапарынын алкагында түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушууда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров Кыргызстан Түркмөнстан менен эл аралык уюмдар алкагындагы мамилени бекемдөөгө да ынтызар экенин белгиледи. Жолугушууда эки жетекчи соода-экономикалык мамилелерди, Түркмөнстандан газ жана электр энергиясын сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн, туризм тармагында кызматташтыкты арттырууну талкуулашты.

Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында бул күндөрү Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Жапаров ага катышуу үчүн эки күндүк иш сапар менен 5-августта жөнөп кеткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG