Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргызстан-АКШ: Билим берүү багытындагы кызматташтык талкууланды


Бактыбек Аманбаевдин Майкл Кёртис менен жолугушуусу.
Бактыбек Аманбаевдин Майкл Кёртис менен жолугушуусу.

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев бул өлкөнүн Эл аралык билим берүү боюнча кеңештеринин стратегиялык өнүгүү боюнча вице-президенти Майкл Кёртис менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, жолугушуу 5-августта өттү.

Анда аталган уюм ишке ашырып жаткан долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берилди.

Элчи Аманбаев FLEX программасына катышкан кыргызстандыктарды көбөйтүү, элет жергесиндеги окуучуларга англис тилин терең үйрөтүү боюнча долбоорду кеңейтүү тууралуу сунуштарын айтты. Кыргызстан айыл чарбасы, энергетика, туризм, тоо кен жана IT тармактары боюнча адистерге муктаж экенин, аларга колдоо көрсөтүү баштапкы маселе болуп турганын кошумчалады.

Аманбаев АКШга элчи болуп быйыл апрель айында дайындалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG