Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

Жуматаев: Илимдер академиясына шайлоонун жыйынтыгы окумуштуулардын абийиринде


Мурат Жуматаев. Архивдик сүрөт.
Мурат Жуматаев. Архивдик сүрөт.

Улуттук илимдер академиясындагы академик жана мүчө-корреспондент шайлоонун жыйынтыгы добуш берген окумуштуулардын абийиринде. Мындай пикирин аталган илимий мекеменин президенти Муратбек Жуматаев 6-августта “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзам алкагында, тыштан кийлигишүүсүз өттү:

“Азыркы курамды карай турган болсок, 90 пайызы анык эле окумуштуулар, эч кандай деле суроо жаралбашы керек. Ал эми 10 пайызы суроо туудурган талапкерлер болду. Аны четке кага албайбыз. Эми шайлоонун жыйынтыгы добуш берген окумуштуулардын абийиринде. Коом кандай болсо окумуштуулар деле ошондой”.

Жуматаев добуш берүүнүн жыйынтыгына макул болбогон айрым талапкерлер арыз менен кайрылганын кошумчалады. Ал арыздын негизинде добуш берүүнүн жүрүшү кайрадан каралып чыгарын билдирди.

Илимдер академиясынын президенти шайлоодо "бийликке жакын, буга чейин конституциялык кеңешмеге мүчө болгондорго артыкчылык берилди" деген пикирлерге кошула албасын айтты.

Илимий наам ыйгаруу үчүн шайлоо 5-августта өткөн. Айрым талапкерлер шайлоо калыс болбогонун белгилеп жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG