Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:11

7-августтун аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

7-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган облустарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 31…36;

Талас жергесинде түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 градус болот.

Чолпон-Ата шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 24…26 градуска чейин жогорулайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG