Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:14

Тимановская боюнча эки машыктыруучу аккредитациядан ажырады


Беларустун жеңил атлетика курамасынын башчысы Артур Шумак жана спорт министри Сергей Михайлович.
Беларустун жеңил атлетика курамасынын башчысы Артур Шумак жана спорт министри Сергей Михайлович.

Эл аралык Олимпиада комитети Токиодо беларустук жөө күлүк Кристина Тимановскаянын Олимпиадага катышуу укугун басмырлап, мелдештен негизсиз четтеткени үчүн машыктыруучулар Артур Шумак менен Юрий Моисевичти аккредитациясынан ажыратты.

Ошондой эле, эл аралык Олимпиада комитетинин талабы менен алар токтоосуз түрдө Олимпиада айылынан чыгарылды. Мындай кадам Беларустун спорт чиновниктерине карата эскертүү иретиндеги убактылуу чара.

Мындан сырткары эл аралык Олимпиада комитетинин расмий өкүлү Марк Адамс Кристина Тимановскаяга жасалган мамилеге байланыштуу Беларустун улуттук Олимпиада комитетин жазалай турган башка тартиптик чаралар колдонулушу мүмкүн экенин билдирген.

24 жаштагы жөө күлүк Олимп оюндарында 100 жана 200 метрлик жарышка катышуу үчүн Токиого келген. Ал бир нече күн мурун "Инстаграмдагы" баракчасынан Беларустун спорттук аткаминерлери анын макулдугусуз 400 метрлик эстафетага катыштырууну чечишкенин айтып, сынга алган эле.

Мындан соң 1-августта эртең менен беларус бийлиги спортчуну шашылыш түрдө Токиодон чыгарып кетүүгө аракет кылып, Ханэда аэропортуна алып келген. Аэропорттон Тимановская бийлик күч менен өлкөсүнө кайтарууга аракет кылып жатканын айтып, учакка отуруудан баш тарткан.

Андан соң беларус жөө күлүгү коопсуздугун камсыздоо үчүн Минскиге кетпей, чет өлкөлөрдүн биринен башпаанек сурай турганын билдирген.

Ага Польша саясий башпаанек берип, жакында ал Варшавага учуп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG