Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Садыр Жапаров Борбор Азия лидерлеринин жыйынына катышууда


Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери бейрасмий жолугушууда.
Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери бейрасмий жолугушууда.

Түркмөнстанда Борбор Азия лидерлеринин жолугушуусу өтүп жатат. Президенттердин алгачкы диалогу бейрасмий форматта өтүп, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов конокторду Каспий деңизинин жээгинде тосуп алды.

Расмий жыйында экономикалык кызматташтыкты арттыруу, энергетика тармагы жана Ооганстандагы соңку кырдаал талкууланары айтылды.

Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин саммитин уюштурууну Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев сунуштап, алгачкы жыйын 2018-жылы Казакстанда өткөн. 2019-жылы Ташкентте уюштурулган. 2020-жылы Кыргызстанда өтүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жана октябрь окуяларынан кийин Түркмөнстан аны Ашхабадда өткөрүүнү сунуш кылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG