Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

ТИМ: Орусия мигранттар катышкан кылмыштар көбөйгөнүн билдирди


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада жана Санкт-Петербургда соңку кезде мигранттар катышкан кылмыштар жана мыйзам бузуу фактылары көп каттала баштады. Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горов билдирди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-августта КМШ өлкөлөрүнүн Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен Горовдун видеоконференция форматында жолугушуусу болду.

Ал Орусиядагы азыркы миграциялык абал жана КМШ мамлекеттеринен барган жарандар жасаган кылмыштар боюнча статистикалык маалымат менен тааныштырды. Мындай көрүнүшкө көңүл буруу керектигин белгиледи жана орус өкмөтү коомдук тартипти сактоо жаатында көрүп жаткан аракеттери тууралуу айтып берди. Дипломаттардан ар бири өз мекендештерине Орусиянын мыйзамдарын сактоо тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин суранды.

Орусиянын башкалаасы Москвада июль айынын башында болгон кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация күчөгөнү тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да козголгон. Мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG