Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:33

Олимпиадага катышкан спортчуларга арналган салтанат Ала-Тоо аянтында өтөт


Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова.
Акжол Махмудов, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара 7-августта, алар Бишкекке кайтып келгенде Ала-Тоо аянтында уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн 6-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, салтанатка Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада желбиреткен баатырлар, XXХII жайкы Олимпиадада өлкө намысын коргогон бардык спортчулар, машыктыруучулар катышат. Иш-чара кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын концертинин коштоосунда өтөт.

23-июлда расмий башталган Токио-2020 оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу аттанган. Балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медал утту. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG