Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек тилкесине үйдүн тосмосун курууга аракет кылган тажик жарандары боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүлөр замат алар ишин токтотушкан. Окуя кечээ 5-августта болгонун Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоеванын айтымында, азыр эки өлкөнүн чек ара тилкесинде абал туруктуу:

“5-августта Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылында болжол менен саат 18:30да “Футбол талаасы” деген тактала элек участокто Тажикстандын Оочу-Калача айылынын тургундары үйүнүн тегерегине тосмо кура башташкан”.

Окуя катталар замат эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, жыйнынтыгында, 20 мүнөттөн кийин, курулуш иштери токтогон.

Бул тууралуу Тажикстандын расмий органдары азырынча комментарий бере элек.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объекттер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (RK)

XS
SM
MD
LG