Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Испанияда италиялык мафиянын башчысы кармалды


Эки жылдан бери таптырбай жүргөн италиялык "Ндрангета" кланынын мафия башчысы Доменико Павильятини Испаниядан кармалып, камакка алынды.

Испания менен Италиянын укук коргоо органдары ал бейшемби күнү Мадрид шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринен кармалганын жарыялады.

"Ндрангета" кландык мафиясы Италиянын түштүгүндөгү Калабрияда жайгашып, бирок өлкөнүн сырткары аймактарында да кулач жайганы белгиленген.

Из кубарлар дал ушул уюшкан кылмыштуу топ Европага кокаин ташый турганын жана анын жылдык көмүскө кирешеси 50 млрд еврого барабар экенин аныкташкан.

Алтымыш жаштагы Доменико Павильятини "Ндрангета" кландык мафиясынын иерархиялык тепкичинде "босстордун боссу" атыккан. Ал Италия менен Испаниянын укук коргоо органдарынын биргелешкен операциясынын жыйынтыгында кармалды. Анын жанынан алты мобилдик телефон, накталай 6 миң евро жана жасалма документтер табылды.

Доменико Павильятини 1980-1990-жылдары жасаган оор кылмыштары үчүн издөөгө алынган. Ал биринчи жолу 1996-жылы Испаниядан кармалып, үч жылдан соң Италияга которулуп, анын адвокаттары иштин материалынан кемчиликтерди таап чыгып, Павильятини мөөнөтүнөн мурун абактан чыккан.

Бирок быйыл январь айында Италиянын соту аны башка жаңы иштер боюнча 11 жылга эркинен ажыратууга сыртынан өкүм кылган. Ал адам өлтүрүү жана маңзат соодасы сыяктуу бир катар кылмыштарга айыпталган.

XS
SM
MD
LG