Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Өкмөт ишкерлерди милицияга текшерткиси келет


Кыргызстандын милициясы. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети (Минкаб) милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүнү карап жатат. Участкалык милиционерлерге рычаг ыйгарылса алар салыкчыларга көмөктөшөт.

Мурда бизнес чөйрөнү Финансы полициясы текшерчү жана экономикалык кылмыштарды да ушул мекеме иликтечү. Коомчулуктагы сын-пикирден кийин ал жоюлган эле. Жаңы демилге да сынга кабылды.

Ниет жана сын

Кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү ниети тууралуу кабар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий маалыматынан соң белгилүү болду. Мекеме сайтына койгон пресс-релизде Минкабдын төрагасынын орун басары, Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун тапшырмасы чечмеленет.

Демек, анда айтылгандай Жапаров быйыл 15-июлда ИИМге Мамлекеттик салык кызматы жана башка кызыкдар органдар менен чогуу мекемелер аралык жумушчу топ түзүүнү жана нормативдик-укуктук актыны иштеп чыгууну буюрган. Муну үчүн бир айча убакыт берилген. Жумушчу топтун биринчи олтуруму 4-августта өттү.

Мекеме аралык жумушчу топтун олтуруму. 4-август, 2021-жыл.
Мекеме аралык жумушчу топтун олтуруму. 4-август, 2021-жыл.

Жаңы мыйзам долбоору участкалык милиция кызматкерлерине экономика чөйрөсүндөгү (лицензия, уруксат кагаздары жана башка багыттагы) мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыйгарым укуктарын берүүнү көздөйт.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Кварталдык милиция бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Алижанов 6-августта “Азаттыкка” буларды айтып берди:

Таалайбек Алижанов
Таалайбек Алижанов

“Бул салык кызматкерлеринин же мурдагы финансы полициясынын милдеттери бизге жүктөлдү дегенди түшүндүрбөйт. Бул жөн гана участкалык милиционерлердин ыйгарым укуктарын кеңейтсекпи деген эле план. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен түзүлгөн топ мына ошону кантип кеңейтсе болот деген маселени карайт. Жумушчу топ кандай тыянакка келсе ошонун жыйынтыгына карап чечим кабыл алынат. Азыр биздин кызматкерлер күчүндө турган мыйзамдар менен гана иштеп жатат, эч кимди эч ким текшерген жок”.

Алижанов участкалык милиция кызматкерлеринде өзү бекиген административдик аймактагы базарлар, дүкөндөр, маркеттер жана башка ишкерлик субъектилери тууралуу маалыматтар ансыз да бар экенин кошумчалайт.

Бирок ал бул аракет коомдук коопсуздукту сактоо максатында гана колдонуларын, аны текшерүү менен чаташтырбоо керектигин белгиледи. Милиция кызматкери ишкерлерге “эмненин негизинде иштеп жатасың, лицензияң кана, патентиң барбы?” деген суроо коё албайт деди ИИМдин өкүлү.

Деген менен жаңыдан сунуштала турган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, андай суроо коюу укугу милицияга деле берилип калышы ыктымал. Так ушул жагдай коомчулукту бир сыйра дүрбөлөңгө түшүрдү. Биринчилерден болуп Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айыптап чыкты:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Участкалык милиция кызматкерлерин экономикалык маселелерди чечүүгө тартуу бул таптакыр акылсыздык. Мында "милиция кызматкерлери салык инспекторлоруна жардам берет" деп айтылып жаткан. Башкача айтканда, салыкчы текшерип келсе, ага ишкер тоскоолдук көрсөтсө участкалык милиция ага аралашат имиш. Ал мурдагы Финансы полициясынын кызматкерине окшош болуп калат экен. Мен муну мурда да угуп жаткам, аны экономикадагы өзгөчө кырдаалга байланыштырып көтөрүп жатышкан. Ал боюнча мыйзам долбоору парламентте кабыл алынган жана президентке жөнөтүлгөн. Бирок эң жаманы документ жактырылгандан кийин деле Экономика жана финансы министрлигинин ар кандай кат-кабарынын негизинде дагы оңдолуп жаткан экен. Муну мен өтө туура эмес жана мыйзамсыз деп атайт элем”, - деген үнүн депутат өзүнүн “Телеграм-каналында” калтырган.

Министрлер кабинети демилгелеген экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын Жогорку Кеңеш 29-июлда үч окууда кабыл алып, каникулга тараган. Документ Минкабга парламенттин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга, экономикада башка чараларды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берери айтылган.

"Бул мурдагы коррупциялык системага кайтуу"

Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү мыйзам долбоорун да мурдараак Бизнес-омбудсмен институту жана башка бизнес ассоциациялары сындап чыгышкан. Алар мунун тобокелчиликтери көп экенин жана ал ишкерлерге эле жүк алып келерин эскертишкен.

Жаңыдан каралып жаткан чара жөнүндө да ишкер чөйрөдө тескери пикир жаралды. JIA ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жоодар Омошев мындай дейт:

Жоодар Омошев
Жоодар Омошев

“Бул демилге болуп жатышы мүмкүн. Бирок Жапаров “мына ушундай болгону жатат” деп расмий айта элек. Эгер чындап ошондой болуп жатса, албетте бул туура эмес. Бул орой айтканда “бир кадам алдыга, эки кадам артка” дегендей болуп жатат. Бизнеске колдоо үчүн кээде жакшы иштерди жасай салышат да, кайра эле тескери кетишет, кыскасы ушундай. Соңку чарасы менимче өтпөсө керек, андай болсо Финполицияны эмнеге жоюшту? Ал орган тескерисинче милицияга караганда компетенттүүрөөк иштечү да. Булар ишкерлерди текшерүүгө алабыз дегенден көрө көмүскөдө иштеп жаткандарды, салык жашыргандарды жана башкаларды “легализация кылгыла” деген саясатты алып барышы керек эле”.

Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерчилик чарбаларды текшерүү, салыктык мыйзам бузууларды алдын-алуу, табуу жана бөгөт коюу чараларын Салык инспекциясы аткарчу. Кийин бул милдетти Финансы министрлигинин алдындагы Финансы полициясы аткарып келген. Ортодо башка органдар, анын ичинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Башкы прокуратура жана ИИМдин тиешелүү бөлүмү да экономикалык кылмыштарды иликтеп жүргөн.

2012-жылы тиешелүү орган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат же Финансы полициясы болуп кайра түзүлүп, негизинен бул тармактагы иштердин баарын ушул орган иликтеп келген.

2016-жылы Ички иштер министрлигинен, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен, Мамлекеттик бажы кызматынан - экономикалык категориядагы кылмыш иштерин тергөө боюнча функциялар алынып, биротоло Финансы полициясына берилген.

Кыргызстандагы ишкер объектилеринин бири.
Кыргызстандагы ишкер объектилеринин бири.

Акыркы мезгилде деле салык жашыруу, аткезчилик жана башка фактыларды коррупцияга каршы күрөштүн алкагында башка органдар да аныктап алып барчу. Бирок ишкерчиликке байланыштуу кылмыштарды негизинен Финполиция жүргүзчү. Соңку жылдардагы бир нече сындардан кийин быйыл мартта өкмөт аны толук жойгон эле.

Мурдагы милиция кызматкери, азыркы журналист Семетей Аманбеков ишкерлерди милициянын колуна салып берүү демилгесине мындай баа берди:

Семетей Аманбеков
Семетей Аманбеков

“Минкабдын төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун участкалык милиционерлерге бизнестин экономикалык ишмердүүлүгүн, анын ичинде уруксат кагаздарын текшерүү укугун берүүнү чечкенин таң калуу жана көңүл калуу менен кабыл алдым. Биз мындан өткөнбүз жана карапайым адамдын акчасы милиция кызматкеринен өкмөттүн башчысына чейин агылган бакиевдик коррупциялык системаны Акылбек Жапаров калыбына келтиргени жаткан экен. Участкалык милиция коомдук тартипти камсыздоо жана өз участкасында кылмыштын алдын алуу менен гана алектениши керек. Участкалык милицияларды бизнести текшерүүчү кылып койсо эмне болот? Алар ар бир күркөгө, дүкөнгө, кафеге, сулуулук салондоруна “салык” салып коёт. Айрыкча көчөдө майда-чүйдө саткан кары-картаңдар жабыр тартат”,-деп жазган ал “Фейсбуктагы” баракчасына.

Мурдараак “Адилет” укуктук клиникасы, ассоциациялар жана башка мекемелер ишкерлерге жана ишканаларга карата козголуп жаткан кылмыш иштери, камоолор, ыксыз текшерүүлөр бизнес коомчулукту чочутуп жатканын айтып чыгышкан. Финансы полициясы жоюлганга чейин, быйыл алгачкы эки айда эле ишкерлерге 140 кылмыш ишин козгогону маалымдалып, сынга алынган.

Кыргызстандын ИИМ системасында жалпы 10 миңдей кызматкер бар экени айтылат. Анын 1500дөйү участкалык милиция болуп саналат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG