Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Өкмөт экономиканы "өзгөчө кырдаалда" башкарат


27-июлда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке сунуштаган.

Экономика жана финансы министрлиги экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп, парламент колдоду. Үчүнчү окууда мыйзам долбооруна 81 депутат "макул", эки депутат "каршы" добуш берди. Ага ылайык, Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20 пайызга чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алат. Адистер бул мыйзамдын тобокелчилиги оор болот деп эскертүүдө.

29-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КРнын мыйзам долбоору каралды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров эки жылдан бери пандемиядан улам экономиканын деңгээли кескин төмөндөп кеткенин жүйөө келтирип, экономикага өзгөчө кырдаалды кайсы учурларды киргизүү сунушталып жатканына токтолду:

- Эгерде өткөн айга салыштырмалуу отчеттук айда керектөө бааларынын индекси 3 ай катары менен орточо 3,5% жогоруласа;

- Ички дүң продукцияга карата мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен 20% ашып кетсе;

- 3 айдын ичинде ички дүң продукцияны түзүүчү экономиканын тармактарынын физикалык көлөмдөрүнүн индекси 20% кыскарышы;

- 3 айдын ичинде 20% чейин тышкы соода жүгүртүүнүн кыскарышы;

- 3 айдын ичинде салык төлөмдөрүнүн 20% чейин кыскарышы;

- Инвестициялык климаттын кескин начарлашы;

- 2 квартал ичинде чет өлкөлүк түз инвестициялардын чыгып кетүүсүнүн 20% өсүшү;

- Натыйжалары өлкөнүн экономикасына зыян алып келген өзгөчө кырдаалдар.

Бирок бул документтин тексти Министрлер кабинетинин да, Жогорку Кеңештин сайтына да жарыяланган эмес. Регламент талап кылгандай, алдын ала коомдук талкуулардан өткөн жок. Ага карабай, парламент аны окууда колдоп берди.

"Экономикага өзгөчө кырдаал Министрлер кабинети тарабынан сунушталып, президенттин атайын указы менен киргизилет. Биз ыкчам иштейли деп атабыз, анткени президент "1-январдан тарта бюджеттик кызматкерлердин айлыгын 50% же 2 эсеге чейин көбөйткүлө" деп тапшырма койду", - деди Жапаров.

Депутат Мирлан Жээнчороев эгерде өлкө экономикасында жогоруда айтылгандай жагдай түзүлсө Министрлер кабинети экономиканы толук башкаргандын ордуна, отставкага кетиши керектигин билдирди.

"Себеби алардын (Министрлер кабинетинин - ред.) аракеттери ушундай абалга алып келди. Өкмөт өзү ээси болгон ишканаларды иштете албай жатса, анда маселе өкмөттө да!? Алар өз ыйгарым укуктарын колдоно албай жатат. Министрлер кабинетинин иштебей жатканынан экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү акылга сыйбайт", - деди эл өкүлү.

Жээнчороев ошондой эле, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү инвесторлор менен ишкерлерге коркунуч жаратарын билдирди. Андыктан ал канчага чейин созулары так аныкталышы керектигин кошумчалады.

Адистер бул мыйзамдын тобокелчилиги болорун эскертишүүдө. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит өлкөдө экономика боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланса, бул демилге ишкерлерге жана жалпы экономикага терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейт.

“Министрлер кабинетинин өз алдынча милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмүн өзгөртүүсү, бажы, соода-сатык, жаратылыш байлыктарды колдонуудагы ыйгарым укуктарынын күчөтүлүшү, мамлекеттик сатып алууларды өзү каалагандай өткөрүүсү тынчсыздандырат”, - деди бизнес-омбудсмен.

Экономист Нургүл Акимова өлкөнүн бюджети алдын ала Жогорку Кеңеште эки жолу талкууланып, бюджеттик кодекс жана башка мыйзамдарга ылайык кабыл алынарын эскертет. Эксперттин пикиринде, эгер бул мыйзам кабыл алынса, анда парламенттеги талкууулардын мааниси жоголот.

“Эгер бюджеттин корголгон беренелери, өлкөгө кирген инвестицияларды иштетүүнүн тартиптери бузулбаса, тиешелүү мыйзамдар сакталса өкмөттүн өз алдынча колдонуусуна бюджеттин 20% ашпай деле калат. Анткени бюджет Жогорку Кеңеште алдын ала кабыл алынат, ар бир сом бөлүштүрүлөт, ошондой эле адатта биздин бюджет дайыма дефицит менен кабыл алынат. Ал эми салыктардын көлөмүн өзгөртүү боюнча сунуш – бул популизм. Мисалы, мен пахта чыгарган ишкермин. Эгер кошумча нарк салыгы азыркы 12%дан 20%га жогоруласа, мен чыгарган продукциянын наркы көтөрүлүп, анын базардагы баасы да кымбаттайт. Мындай белгисиздиктер бизнести түйшөлтөт, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизет”.

Экономист Азамат Акенеев экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын мамлекеттин бизнеске кийлигишүү аракети деп баалады. Бул өңдүү демилгелер бюджетти кыянаттык менен колдонуу, аткаминерлердин ыйгарым укуктарынан аша чабуусун күчөтүшү толук мүмкүн деп эсептейт.

"Кыргызстандын мамлекеттик органдары коррупцияга батып, бизнес чөйрө ансыз деле мамлекетке ишенбей турганда мындай мыйзамдардын кереги жок. Бюджетти бөлүштүрүп, аны сарптоо күчөтүлгөн көзөмөлдү талап кылат. Анткени бул тармакта кыянаттыктар көп. Мамлекеттик акчаны парламенттин макулдугусуз колдонуу коррупциялык тобокелчиликтерди арттырат. Ошондой эле, казынадагы каражатты натыйжасыз иштетүүгө жол ачышы мүмкүн".

Азыркы мыйзамдарга ылайык, бюджетти Жогорку Кеңеш бекитип, анын аткарылышы тууралуу отчет да алат. Мындан улам экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү сунушу колдоо тапса, ал парламентти алсыратаарын айткандар бар.

Ансыз да Жаңы конституция кабыл алынып, өлкө президенттик башкарууга өткөн соң, Жогорку Кеңеш бир топ ыйгарым укутарынан ажырады. Президенттик аппараттын жана Министрлер кабинетинин акыркы убакта сунуштап жаткан башка да мыйзамдарында парламенттин күчүн мурдагыдан да төмөндөткөн жоболор бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG