Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:56

Талаштуу маалымат мыйзамы парламенттен кантип өттү?


Маалымат мыйзамына каршы өткөн акциялардын бири. 2020-жылдын 29-июну

Жогорку Кеңеш талаш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Депутаттар бир ай мурун эле өздөрү четке каккан долбоорду кайра 100гө жакын добуш менен колдоп берди. "Фейктерге" каршы делген документ парламенттен өтөрдөн бир күн мурун эл өкүлдөрү президент менен жолугушкан.

Оюн өзгөрткөн депутаттар

Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга кетер алдында мыйзам долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алып жатат. Алардын арасында коомчулукта талаш-талкууну жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” документ бар. Парламент 28-июлдагы жыйынында сөз болуп жаткан долбоордун макулдашылган вариантын кабыл алып, ага 97 депутат “макул”, беш эле депутат “каршы” добуш берди.

Кийинчерээк депутаттар Каныбек Иманалиев менен Айсулуу Мамашова башка депутаттар алардын ордуна долбоорду колдоп добуш берип койгонун айтып, документке каршы экенин билдиришти.

Долбоор 28-июлда Жогорку Кеңештин жыйынынын күн тартибине киргизилген эмес. Иш убактысы бүтүп баратканда депутаттар Аккулу Бердиев, Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова документти кайра добушка коюуну сунуштады. Алар спикерге долбоорду кайра колго салуу тууралуу кат жиберилгенин, регламент буга жол берерин жүйө кылышты.

Гүлшат Асылбаева.
Гүлшат Асылбаева.

“Төрага мыйзам долбоорун добушка коюуга милдеттүү. Анткени буга чейин долбоорго добуш берүүдө депутаттардын кайра добуш берүү укугу бузулган. Документ парламентте үч окуудан тең өткөн. Анын макулдашылган варианты гана колго салынган. Мыйзам долбоору артка кайтарылды деген туура эмес. Себеби, биз аны кабыл алып президентке кол коюуга жөнөткөнбүз. Биз болгону макулдашылган вариантын талкууладык”, - деди долбоордун авторлорунун бири Гүлшат Асылбаева.

"Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 25-июнда кабыл алып президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков 3-августта документке каршы пикирин билдирип, долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн аны Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлгөн. 30-июнда парламентте ага 97 депутаттын 59у “макул”, 38и “каршы” добуш берип документ колдоо тапкан эмес. Долбоордун макулдашылган варианты өтүш үчүн жок эле дегенде 61 добуш керек болчу.

Ошентип, бир айдан кийин мыйзам долбоору кайра добушка коюлуп өтүп кетти. Депутат Дастан Бекешев долбоор Жогорку Кеңештин регламентин одоно бузуу менен кайра колго салынганын, депутаттар президент менен бейрасмий жолуккандан кийин оюн өзгөртүшкөнүн айтты.

“Президент ушул долбоор боюнча сөз айтканын түшүнүп турам. Бирок документти кайра добушка коюу регламентке туура келбейт. Силер жөнөкөй киши эмессиңер да. Депутат кандай добуш берип жатканын билиш керек. Анан “мен билбей калдым” деген туура эмес. Президент айтса эле “мен туура эмес кылып алдым” деп позицияңарды өзгөртүп жибердиңер. Регламент боюнча мыйзам долбоорун алты айдан кийин кайра добушка коюш керек. Бул долбоорду кийинки чакырылыштын депутаттары карасын”.

Сол жагында мыйзам долбоору өтпөй калгандагы добуш берүүнүн жыйынтыгы. Оң тарабында 28-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы.
Сол жагында мыйзам долбоору өтпөй калгандагы добуш берүүнүн жыйынтыгы. Оң тарабында 28-июлдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы.

Президенттин сыйы, катары менен өткөн долбоорлор

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттары менен “Ала-Арча” резиденциясында акыркы бир жумада эле эки ирет жолукту. 21-июлдагы жолугушуудан кийин депутаттар "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп беришкен. 28-июлда документ дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өттү. Президент менен депутаттардын акыркы жолугушуусунан кийин “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” долбоор да колдоо тапты.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы эл өкүлдөрү менен биринчи жолугушуусунда экономикалык жана коомдук-саясий маселелер, парламенттин кароосунда турган мыйзам долбоорлору боюнча пикир алмашканын билдирген. 27-июлда президент менен экинчи жолу уюштурулган жолугушууга катышкан депутат Марлен Маматалиев президент мөөнөтү бүтүп бараткан депутаттарга сый тамак уюштурганын, андан башка сөз деле болбогонун айткан.

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Кайсы бир мыйзам долбоорун кабыл алып берүү тууралуу эч нерсе айтылган жок. Бул 100% туура. Аны жолугушууга баргандардын баарынан сурасаңар айтып берет. Жалпы каалоо-тилектер эле айтылды. Кандай мыйзамдар кабыл алынды, жалпы саясий абал кандай болду ушул тууралуу кыскача эле сөз болду. Ал эми “бул мыйзамды колдоп бергиле” деген сыяктуу сөздөр айтылган жок”.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусусуз жабык өткөн жолугушуулардан фото же видеолор жарыяланган жок. Президенттин басма сөз кызматы кыскача маалымат берүү менен гана чектелди.

Кыргызстанда Интернетке көзөмөлдү күчөтүү сунушу биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. 2018-жылы депутат Асылбек Жээнбеков Кыргызстанда маалымат мейкиндигине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү сунуш кылган.

2017-жылы депутаттардын тобу баракчасына бир күндө миңден ашык адам кирген Интернет колдонуучулардын баарын “блогер” деп атап, алардын тек-жайы тууралуу маалыматтарды ачык жазууга милдеттендирген мыйзамды иштеп чыккан. Авторлор коомчулуктун сынынан улам мыйзамды кайра чакыртып алууга мажбур болушкан.

Юрист, жарандык активист Эржан Сулайман өлкө жетекчиси "ат тезегин кургатпай" эле депутаттарды резиденцияга чакырып жатканын Конституцияны бузуу деп баалады.

“Конституциянын 73-беренесинде президент Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлигинин ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн кызматтан четтетилиши мүмкүн экени жазылып турат. Азыр биз дал ушул нерсени көрүп атабыз да. Президенттик башкаруу деп эле Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүү болууда. Бул президентке импичмент жарыялоого негиз болуп берет”.

Тараптардын жүйөсү

“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Айнура Осмонованын сөзүнө караганда, документ боюнча адамдар социалдык тармактарга өзүнүн аты-жөнү менен катталып кириш керек. Андан тышкары Интернет порталдарга да талаптар бар.

Айнура Осмонова.
Айнура Осмонова.

“Сайттар почтасын ачык жазыш керек. Сайтка эгерде анык эмес маалымат чыкса жарандар кайрылып, почтасына кат жиберет. Аныкталбаган маалымат болсо алар аны 24 сааттын ичинде алып салыш керек. Жалган маалыматты өчүрбөсө жарандар сот, милицияга арызданат. Азыр Кыргызстанда акты кара, караны ак кылып жазгандар көп болуп атат. Мыйзам долбоорунун эң башкы максаты - жарандар социалдык тармактарга өз аты менен кириш керек. Ошондой эле, жалган маалымат тараткандарга каршы арыздануу үчүн жол ачуу. Биздин өлкөдө Конституция боюнча сөз эркиндигин эч ким чектей албайт. Цензурага жол жок. Фейк болуп отуруп алып туура эмес маалыматтарды таратууну токтотуш керек”.

Документте интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Мыйзам бузулган учурда ыйгарым укуктуу органдар сайттарды сотко чейин эле жаап коё алары белгиленген.

Жарандык коом бул долбоор өлкөдө сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга алып келет. Депутат Жанарбек Акаев да ушундай эле пикирде.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

“Азыркы парламент бийликке аябай жакты. Анткени өкүм зордук менен регламентти одоно бузуп каалаган учурда каалаган мыйзам долбоорлоруна добуш бердиртип алат. Фейктер тууралуу мыйзам кабыл алынса биринчиден ал жакшы иштебейт. Экинчиден, иштесе да оппозициячыл саясатчыларга, журналисттерге, бийликти сындап жазгандарга каршы иштейт. Мисалы, азыр бийликтин фейк армиясы бар. Алар бизди жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап атат. Биз аларга каршы арыз жазсак аны карабайт. Тескерисинче, президентти, бийликти сындагандарды таап аларды кечирим суратат. Ал үчүн Ички иштер министрлигинде атайын кызмат ачып Интернетте бийликке сын айткандардын артынан түшөбүз деген демилге”.

“Медиа полиси” институту бул долбоор тууралуу кеңири анализ жүргүзгөн. Анда документ Баш мыйзамга, эл аралык келишимдерге каршы келип, адам укугун, сөз эркиндигин чектей турганы белгиленген. “Медиа полиси” институтунун юристи Алтынай Исаева мыйзам долбоору жана депутаттардын аракети жөнүндө "Азаттыкка" ой бөлүштү:

"Бул мыйзам долбоорун кайра добушка коюу, кабыл алуу – Жогорку Кеңештин регламентин бузуу болуп саналат. Депутаттар тийиштүү эрежелерди бузуу менен аны кабыл алышты. Акыркы кадам – президентте. Мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин мамлекет башчы же кол коёт, же артка кайтарат. Бирок коом арасындагы айрым маалыматтарга караганда, бул демилге президенттин колдоосу менен ишке ашып жаткан экен. Андыктан, мыйзам долбооруна вето коюлабы же жокпу, бул чоң суроо. Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери башынан эле “адам укугун” коргоо максатында жазылганын айтып келатышат. Бирок документке байланыштуу талкуулай турган көп маселе бар. Ток этерин айтканда, бул мыйзам долбоору жөнөкөй элдин укуктарын, кызыкчылыгын коргобойт. Бул документтеги механизмдер мамлекеттик органдарды, бийлик башындагы адамдарды сындагандарга каршы колдонулушу мүмкүн. Эң коркунучтуусу – сөз эркиндиги жана ойду эркин билдирүү укуктарына чектөө киргизилиши мүмкүн", - деди Алтынай Исаева.

Жогорку Кеңеш долбоорду коомчулуктагы катуу каршылыкка карабай колдоду. Эми кийинки сөз президентте. Садыр Жапаров өзү да социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу. Анын дээрлик бардык соцтүйүндөрдө жеке баракчасы бар.

Мыйзам долбоору кабыл алынса фейктерди кайсы мамлекеттик мекеме, кантип аныктайт, техникалык мүмкүнчүлүктөр жетеби белгисиз. Бул иш менен алектенчү органды аныктоо Министрлер кабинетине тапшырылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG