Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Ала-Букада 58 аскер вакцина алгандан кийин ооруканага түштү


AstraZeneca вакцинасы. Иллюстрациялык сүрөт
AstraZeneca вакцинасы. Иллюстрациялык сүрөт

5-август күнү кечки саат 21:30дар чамасында Ала-Бука райондук ооруканасына 58 аскер дене табы көтөрүлүп кайрылышкан. Бул боюнча президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев "Азаттыкка" айтты.

"Мен тийиштүүлөр менен сүйлөштүм. Кечээ, аскерлерге вакцина сайган экен. Айрымдарынын дене табы көтөрүлгөндүктөн 58и ооруканага түшкөн. Ал эми экөөсү бир аз кыйналып, булчуңдары тырышып кетиптир. Азыр аскерлердин абалы жакшы деп догдурлар айтып жатат".

Бейтапканага жаткан аскерлердин кичүүсү 22 жашта болсо, улуусу 27 жашта. Аскер бөлүктөн 90дон ашык кызматкер COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделген.

Ушул тапта Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлигинин астында атайын коммисия түзүлүп, Ала-Бука районуна жөнөп кеткени белгилүү болду. Ал эми министрлик AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү убактылуу токтотту.

Кыргызстанда жарандар 22-июлдан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен да эмделе баштаган. Европа өндүрүшүндөгү препараттын 40 миң дозасын Азербайжан гуманитардык жардам катары берген. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG