Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Кыргызстанда 22-июлда AstraZeneca менен эмдөө башталат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда жарандар 22-июлдан тарта коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен да эмделе баштайт. Европа өндүрүшүндөгү препараттын 40 миң дозасын Азербайжан гуманитардык жардам катары берген. Июлдун соңунда эл аралык COVAX программасынын алкагында дагы 220 миң доза келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык иммунопрофилактика борборунун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Буга чейин кыргызстандыктар Кытайдын Sinopharm, Орусиянын Sputnik-V вакциналары менен эмделип жаткан.

Учурда Кыргызстанда жалпы вакцинанын 1 миллион 128 миңден көбүрөөк запасы бар. 29-марттан 21-июлга чейин 391 миңден ашуун адам эмделди. Алардын 100 миңден көбү вакцинанын эки дозасын тең алышты.

Вакцинаны 18 жаштан өткөн жарандар акысыз алышат. Препарат эки дозада сайылат, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери расмий эсепте 153 миңдей адамга коронавирус жугуп, 2200дөн көп бейтап көз жумду. (SE)

XS
SM
MD
LG