Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин Жапаровго "насааты"


Кош-Таштагы тополоңдо УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган.
Кош-Таштагы тополоңдо УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган.

Кыргызстанда бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясына эки жылга аяк басты.

Аны утурлай ушул тушта абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасады. Анда ал азыркы мамлекет башчыны саясий буйрукту аткарган тергөөчүлөрдөн жана прокурорлордон арылууга чакырды. Кой-Таштагы тоз-тополоңго байланыштуу соттук териштирүү баштала элек.

Алмазбек Атамбаев кайрылуусунда Кой-Таш окуясы ошол кездеги президент, өзүнүн бир убактагы саясий санаалашы Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин кулашына себеп болгонун белгилеген. Жээнбековдордун кланын өзүмбилемдикке, мыйзам бузууга айыптаган.

"Ооба, 2019-жылы августта Жээнбековдордун кланы жеңишин майрамдашты. Мексикалык бир макалда айтылгандай, "алар бизди көөмп коюуга аракет кылышты, бирок алар биздин өнүп чыкчу урук экенибизди унутушту". Мындан 14 ай өтпөй эле Жээнбековдун бийлигинин күнү бүттү. Кой-Таш операциясын башкарган Опумбаев менен Жунушалиев жазадан коркуп качып кетти", - деп айтылат кайрылууда.

Андан соң Атамбаев азыркы президент Садыр Жапаровго кайрылган. Анын “убакытты куугунтукка коротпойм” деген билдирүүсүн “так жана таасын сөз” деп баалаган. Ошондой эле саясий буйрукту аткарган тергөөчүлөрдөн, прокурорлордон арылып-тазаланууга чакырган.

“Алар Сооронбай Жээнбековду, аны менен кошо бүт өлкөнү сазга батырды. Эгер Садыр Жапаров алардан арылбаса, “баткактан” өзү да чыга албайт, Кыргызстанды да чыгара албайт”, - деген Атамбаев.

Мурдагы президент 2019-жылы Кой-Таш окуясынан улам башталган “укуктук башаламандык азыр да уланып жатканын”, ошол күнү “куралчан согушкерлердин тынч элге кол салуусу” болгонун, “жаңы бийликтин тушунда да чындык орнобой жатканын” жазган.


Атамбаевдин сын-дооматына Сооронбай Жээнбеков үн ката элек, азыркы мамлекет башчынын аппараты дагы реакция кылган жок.

Соттук териштирүү баштала элек

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тушта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ага алгач кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу айып коюлган.

Кийинчерек 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясынан улам кине тагылган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин билдиришинче, соттук териштирүү баштала элек жана анын мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтү өтүп кетти.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

"Кой-Таш окуясы боюнча өндүрүш сотко жеткенине бир жылдан ашты. Ушул кезге чейин соттук териштирүү баштала элек. Ишке байланыштуу айыптоо актысы окула элек. Мыйзамга ылайык, өтө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүү эки ай ичинде бүтүшү абзел. Жетишпей калса дагы эки айга узартса болот. Бирок өтө эле көп убакыт өтүп кетти, иш ордунан таптакыр жыла элек. 14-апрелде Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу ал сотко катыша алабы, кандай дарыланууга муктаж, ушул суроолорго жооп бергиле деп судья соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Ошого байланыштуу өндүрүштү токтоткон. Мына төртүнчү айга аяк басты, соттук-медициналык экспертиза дайын эмес. Мыйзамдын талабына ылайык өтө оор, татаал экспертизалар бир ай ичинде бүтүшү керек. Экспертиза жүргүзүү Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылган. Бирок алар тескерисинче кайра сотко кайрылган. Кайрылуусун окуп чыксам, ал жерде эксперттер дарыгерлер жасай турган ишти сотко жүктөп жатат. Баамымда эксперттер жоопкерчилик алууну каалаган жок. Эгер Атамбаев "ооруп жатат" деп жазып койсо алардын кызматына залакасы тийиши мүмкүн. Атамбаев ооруп жатат, дарыланууга, операцияга муктаж дешсе аны чыгаруу керек болот. Алар чындыкты жазгандан чочулап жатат го деп ойлоп жатам".

Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Эки жыл мурда Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө аны кармоо операциясы жүргүзүлгөн. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исмаил Исаков Кой-Таш окуясы боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгон.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Кой-Таш окуясы өлкөнүн тарыхында кара тамга менен жазылган өзгөчө окуя болуп калды. Себеби биринчи жолу экс-президент деген наамы бар адамга иш козголгондон кийин ал сурак берүүдөн баш тартып, мыйзамдарды тоготпой, баарын четке кагып, окуя ошонун кесепетинен чыккан. Катардагы жарандай болуп Атамбаев деле барып, болгонун болгондой айтып берсе мындай болмок эмес. Бүгүн башка адамдарды жамандап, аларды күнөөлүү дегени туура эмес. Тергөө эчак эле бүтүп, соттун чечими менен чекит койсо болот. Себеби убакыттын баары өттү. Атамбаевдин үйүндө аскер адамы каза болду, ошол жерде барымтага алды, аны баарыбыз көрдүк. Эми андай-мындай деп айтканы туура эмес".

Айыпталгандардын арыз-дооматы

Бул кылмыш ишинин алкагында алкагында 19 кишиге айып коюлуп, алардын ичинен 14 адамдын иши сотко өткөн. Ошолордун арасында парламенттин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев дагы бар.

"Биз иш бир тараптуу тергелип калган деп кат да жаздык, айтып да жатабыз. Ошол окуяны тергеген прокурорлор, тергөөчүлөрдүн баары эле ордунда иштеп жатат. Айрымдары кызматынан көтөрүлүп дагы кетти. Азыр эми акыйкаттыкты кандай кылып талап кылууну билбей турабыз. Биз тергөө бир тараптуу жүргөн деп жатабыз. Ошол убакта тергөөдө биздин айткандарыбызды, жүйөлөрүздү уккан эмес. Сотубуз дагы, тергөө дагы жабык болгон. Айткан өтүнүчтөрүбүздүн бирин дагы канааттандырган эмес. Кайрадан тергөө болсо биз спецназ кайсы жерде мерт болгонун, бул атайын чагым болгонун далилдеп беребиз".


Укук коргоочу Рита Карасартова саясий буйрук аткаруу сыяктуу көрүнүштөргө Атамбаев салым кошконун айтты. Азыркы бийлик мындан арылбаса, туңгуюкка кептелерин эскертти.

"Кызматтардын баары бир адамдын колуна чогулганына Атамбаев эбегейсиз салым кошкон. 2016-жылы ал Конституцияны өзгөртүп, кызматтык кылмыштарга байланыштуу тергөөнү УКМКга берип койгон. Бийликтин үч бутагы тең УКМКга көз каранды болуп калган. Ошон үчүн парламентте "мен буга добуш берем, коалицияга кирем, чыгам" деген уруш-талаштар азайды. Баары УКМК кылмыш ишин козгойт деп коркуп добуш берип калышты. Соттор телефон чалууларды күтүп калды. Мурдатан бери эле башын көтөрбөгөн аткаруу бийлиги ого бетер башын жерге салып калды. Бүгүнкү күндө ушундай абалга келгенибиздин пайдубалын Атамбаев түптөп берген. Тергөөчү, прокурорлордо мыйзам чегинде иштөө, мыйзам коргой алат деген түшүнүктөр жок. Айрым учурда жакшы көрүнүү үчүн буйрук түшө электе эле алдын ала жасап коюшат. Мунун баары кайра эле азыркы президентти дагы туңгуюкка алып барат. Азыр эми "ректорлорду өзүңүз шайлап бериңиз, айыл өкмөттөрдү өзүңүз дайындап бериңиз, сиз эле айтсаңыз баары сонун болот" дегендердин баары кошоматчылар. Биз тандаганды, чечим кабыл алганды үйрөнүшүбүз керек. Ошону акырындан үйрөнгөндүн ордуна "Садыр Нуркожоевич, сизден башка эч ким тандоо жасай албайт" дегендердин баары акыры анын түбүнө жетет. Ушул окуяларда "колуң менен жасаганды башың менен тартасың" деген сабак бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Атамбаевге байланыштуу президент Садыр Жапаровдун саясий куугунтукка каршы билдирүүсүн эстеди.

Мурдагы президенттин буйрукту аткарган тергөөчүлөр менен прокурорлор арылуу тууралуу айткандарын азыркы бийликке "насаат" катары сыпаттады.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

"Кечээ эле президент "элди бириктирүүчү болом, саясий куугунтук болбойт" деп кайрылганынан улам бир топ адамда үмүт жанган. Түрмөдө саясий куугунтуктан улам жаткан саясатчылар, коомдук ишмерлер бошотулат деген үмүт жанган. Бирок ал билдирүү бир эле Аскар Акаевдин Кыргызстанга келиши менен гана чектелип калды. Алмазбек Атамбаевдин жашы деле өтүп калды, аны үй камагына чыгарса туура эле болмок. Башка саясатчыларга окшоп качып кетпей турганын далилдеди да. Барып-келип сурак бере болмок. Кой-Таш окуясы боюнча Фраид Ниязов, Алмазбек Атамбаев, Равшан Жээнбеков эле жатат. Аларга караганда он эсе кооптуу кылмышкерлер акча төлөп чыгып жатышпайбы. Президенттин билдирүүсүнөн кийин Атамбаевдерге карата саясий кысым токтосо жакшы болмок. Мен буга чейин эки жолу мурдагы президент Атамбаевге кирип чыккам. Анын ден соолугу чынында эле кабатырлантат. Ошондуктан чыгарып коюшса туура болмок, президенттин сөзү менен иши дал келиши керек. Прокурорлор менен тергөөчүлөрдүн сапаты өзгөргөн жок. Саясий куугунтук жасаган бир дагы сот, бир дагы прокурор жоопко тартылбады. Ошон үчүн булар сабак албайт. Атамбаев аны кийин жон териси менен сезип, өзүнүн башына келгенде билип атканы жакшы. Бул азыркы президентке дагы чоң коңгуроо. Аларга сабак боло тургандай кылып ишин иликтеп, жумуштан кетирип, жоопко тартуу керек. Тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор мурда Ак үйдөн кандай тапшырма күтсө азыр деле күтүп отурушат. Атамбаев азыркы президентке биз кетирген катаны кайталабасын деп кайрылып жатканы азыркы чириген системага коңгуроо. Азыркы президент ага чычалабай эле Атамбаевге дагы адилеттүү мамиле кылышы керек деп ойлойм.

Кош-Таштагы тополоңдо УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, 100дөн ашык киши жараат алган.

Садыр Жапаров буга чейин Атамбаевдин маселесине кызыкпай турганын билдирип, мурдагы президентти бошотуу маселесин сот чечет деп жооп берген.

Кан төгүлгөн кагылышка бир жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG