Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:06

Кой-Таш окуясы боюнча сот: шектүүлөр нааразы


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-август. 2020-жыл. Сүрөт Кундуз Жолдубаеваныкы.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 17-август. 2020-жыл. Сүрөт Кундуз Жолдубаеваныкы.

 Кой-Таш окуясы боюнча шектүүлөр аралыктан өтүп жаткан сотко нааразы болушту.

17-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган адамдар айыпталып жаткан Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум онлайн режимде уланды. Сот процессинде прокурор айыптоо корутундусун окуду.

Сотко №1 тергөө абагында отурган айыпталуучулар видео конференция аркылуу катышты. Бирок шектүүлөрдүн айрымдары жараянга катышуудан баш тартып, залдан чыгып кетишти. Алар судья Марат Сыдыковго нааразылык билдиришти. Кой-Таш окуясы боюнча иште үч кишини коргоп жаткан адвокат Бакытбек Автандил уулу:

«№1 тергөө абагында отурган айыпталуучулар сотко өтүнүчү бар экенин айтышты. Бирок судья алардын сөзүн укпай туруп эле прокурорлорго сөз берип койду. Шектүүлөр сүйлөп жатса алардын үнүн өчүрүп салышты. Айыпталуучулардын бир-экөө сот алардын сөзүн укпай жаткандыктан залдан чыгып кетип, аларды кайра алып киришти», - деди.

Кой-Таш окуясына байланыштуу сот коронавирус пандемиясынан улам 3-августтан тартып аралыктан өтүп жатат. Адвокаттар Жазык-процессуалдык кодекс боюнча сот шектүүлөрдүн катышуусу менен өтүшү керек экенин, онлайн сот отурумдары мыйзамсыз экенин айтып келатышат.

Айыпталуучулардын жактоочулары муну шектүүлөрдүн өзүн коргоого болгон укугунан ажыратуу жана ишти кандай гана шартта болбосун тезирээк бүтүрүү аракети катары баалашууда.

Расмий тарап бул пандемияга байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, айыпталуучулар менен алардын адвокаттарына толук шарт түзүлгөнүн билдирген. Кой-Таш окуясы боюнча иштеги айыпталуучулардын бири, Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 17-августтагы сотто болгон көрүнүштөрдү айтып берди:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Соттун жүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков мыйзам одоно бузулуп жатканын билдирип чыкты. Ал «өз укугубузду коргойбуз» деп керек болсо Бириккен Улуттар Уюмуна чейин кайрыларын айтты. Анткени алардын адвокаттары менен жолугууга мүмкүнчүлүктөрү болбой жатат. Мындан тышкары дагы бир айыпталуучу, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев президент Сооронбай Жээнбеков менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары сотко чакырууну талап кылды. Бул боюнча кийинки соттук отурумда жактоочулар судьяга өтүнүч келтирет».

Сот 19-августта уланмай болду. Анда күбөлөр сурала баштайт.

Жогорку сот Сот департаментине караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 1-июндан баштап «Дистанттык сот отурумдары» порталын ишке киргизгенин билдирген.

Сот отурумдарына адамдардын топтолушун азайтуу жана коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Бишкек шаардык соту видеобайланыш аркылуу бир нече жараян өткөргөн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) коронавирус коркунучунан улам сот органдарына айыпталуучулар менен соттолгондорду өтө зарыл болгон учурда гана сотко алып барууну, башка учурларда жараянды онлайн өткөрүүнү сунуш кылган. Ошондой эле ЖАМК соттук жыйын үчүн аудио жана видео жазуу тутуму менен жабдылганын, бул айыпталуучуларды, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды видеоконференция аркылуу суракка алууга мүмкүнчүлүк берерин билдирген эле. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев онлайн тартипте өткөн соттук отурумда судьянын ишине кызыкты:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Тергөөдө айтылган, далилденген нерселер сотто кайра каралып чыгат. Ошонун негизинде судья ички дүйнөсү менен талдоо жүргүзүп, анан жыйынтык чыгарат. Бирок видео байланыш аркылуу алар кандай тартипте болуп жатканы мага кызык болуп жатат. Албетте, көзмө-көз жолугуп, бир бөлмөдө сүйлөшкөн ишке эч нерсе жетпейт. Онлайн тартиптеги сот менимче толук сот отурумуна жетпейт».

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында отурушат. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн жогоруда аталган фактылар боюнча күнөөлүү деп эсептейт. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG