Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:35

Аралыктан өтчү соттун абыгерчилиги


Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өтөт. Сүрөттө айыпталуучулар. 2020-жылдын 3-августу.
Кой-Таш окуясы боюнча сот аралыктан өтөт. Сүрөттө айыпталуучулар. 2020-жылдын 3-августу.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумду аралыктан өткөрүү тууралуу чечим талашка түштү.

Айыпталуучулардын жактоочулары муну шектүүлөрдүн өзүн коргоого болгон укугунан ажыратуу жана ишти кандай гана шартта болбосун тезирээк бүтүрүү аракети катары баалашууда.

Расмий тарап бул пандемияга байланыштуу кабыл алынган чечим экенин, айыпталуучулар менен алардын адвокаттарына толук шарт түзүлгөнүн жүйө келтирди.

Соттун чечими адвокаттарга жаккан жок

Айыпталуучулар сотко жеткирилбей, алардын жактоочулары сотко келбегендигине байланыштуу бир айдан бери токтоп турган Кой-Таш окуясы боюнча сот мындан ары аралыктан өткөрүлмөй болду. Мындай тартипте өтчү сот отурумуна судья, прокурорлор, жактоочулар, күбөлөр менен эркиндикте жүргөн шектүүлөр сот залынан катышат. Ал эми камакта отурган айыпталуучулар тергөө абагынан онлайн видеоконференция аркылуу байланышат.

Кой-Таш окуясы боюнча 3-августка белгиленген жараян аралыктан өтмөк. Бирок соттолуучулардын бири, ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги №47 колонияда отурган Канат Осмоналиев видео байланышка чыккан жок. Ошондуктан отурумду 5-августта улантып, ага чейин Осмоналиевдин видео байланышка кошулушун камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

Бул иште оор беренелер боюнча шек саналып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун сотту аралыктан өткөрүү тууралуу чечимин мыйзамсыз деп эсептейт.

«Эгерде адамдардын ден соолугуна коркунуч келе турган болсо, эмне үчүн сотко бизди да аралыктан катыштырбайт? Айыпталуучулардын ден соолугуна коркунуч бар болсо жактоочулардын, прокурорлордун жана башка катышуучулардын ден соолугуна коопту болбойбу? Ошондуктан мунун башкы себеби - алар болгону шектүүлөрдү сотко алып келгиси келбей жатат, - деди Замир Жоошев. - Себеби, айыпталуучулар сотко алынып келгенде алардын тарапташтары соттун имаратынын алдына чогулушат. Алар муну каалашпайт.

Жазык-процессуалдык кодекстин 286-беренесинде «Айыпталуучу соттук отурумга келиш керек» деп так жазылган. Айыпталуучулар сотко жеткирилбеген учурда алар жактоочуга жана өзүн коргоого болгон укугунан ажырап калууда. Анткени биз коргоп жаткан адам менен соттук иштин жүрүшүндө айрым маселелерди талкуулай албай калабыз. Күбө суракка алынган кезде, келтирилген өтүнүчтөр боюнча айыпталуучулар адвокаттардан маалымат алышы керек».

Соттук жараянды аралыктан өткөрүү Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам кабыл алынганы кабарланган.

Кой-Таш окуясы боюнча иште айыпталуучулардын бири, Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да сотту аралыктан өткөрүү тууралуу чечимди ишти тезирээк бүтүрүү аракети катары баалады:

«Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү – бул резонанстуу иш. Бул ишке Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө да көз салып тургандар бар. Фарид Ниязов «Сотту онлайн өткөрүүнүн эмне кажети бар эле?» деп сурады. Ал №1 тергөө абагында соттук отурумду күтүп отурган адамдар көп экенин да айтты. №1 тергөө абагында сотту өткөрүш үчүн эки жер даярдашыптыр. Ага Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандарды экиге бөлүп отургузуптур. Фарид Ниязов: «Бул иш үчүн атайын эки залды бөлүүнүн эмне зарылчылыгы бар?» деп сурады. Алар муну «бул саясий иш болгону үчүн соттор эртерээк өкүм чыгарууну көздөп жатышат» деп сыпатташты. Ошондуктан Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, ушул иш боюнча айыпталып жаткандар сотту онлайн өткөрүү тууралуу судьянын чечимине каршы чыгышты. Анткени аларга адвокаттары менен байланышууга шарт түзүлбөй жатат».

Жогорку сот Сот департаментине караштуу «Адилет сот» Маалыматтык технологиялар мекемеси 1-июндан баштап «Дистантык сот отурумдары» порталын ишке киргизгенин билдирди. Ал сот отурумдарына адамдардын топтолушун азайтуу жана коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында Бишкек шаардык сотунда видео байланыш аркылуу бир нече жараян өткөнүн кошумчалады.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болсо коронавирус коркунучунан улам сот органдарына айыпталуучулар менен соттолгондорду өтө зарыл болгон учурда гана сотко алып барууну, (жыйынтык чыгаруучу соттук отурум болордо же соттук аракеттер айыпкердин катышуусу жок өткөрүлүүгө мүмкүн болбогон учурларда) башка учурларда жараянды онлайн өткөрүүнү сунуш кылган.

«ЖАМК соттук жыйын үчүн аудио жана видео жазуу тутуму менен жабдылган, бул айыпталуучуларды, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды видеоконференция аркылуу суракка алууга мүмкүндүк берет. ЖАМКта 2020-жылдын 16-апрелинен баштап эле онлайн сот отурумдары болуп жатат. Апрель айынан ушул күнгө чейин 139 жолу сот отуруму өттү», - деди ЖАМКтын басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева.

Учур талабы, пандемиянын шарты

Адвокат Бакыт Жумаков коронавирустан улам Кыргызстанда тергөө абактарында бир нече адамдын иши алдыга жылбай сот өкүмүн күтүп жатканын айтты. Анын сөзү боюнча сотту онлайн уюштуруу чын эле адвокат менен анын коргоосундагы адамдын байланышын аксатып, иштин жүрүшүнө тоскоолдук болот. Бирок Жумаков соттук териштирүү дээрлик бүтүп, чечим чыгарына аз калган жана анча оор эмес кылмыш кылгандардын ишин ушундай эле шартта кароого каршы эмес.

«Коронавируска байланыштуу көптөн бери жылдырылып келаткан жеңил иштер бар. Алар боюнча эчак эле сот чечими чыгышы керек болчу. Аларды сотко алып келүүгө уруксат берилбегендиктен тергөө изоляторунда жатышат. Арасында иши кыскара турган, өкүм чыгып колонияга которула турган адамдар бар, - деди адвокат. - Аралыктан өткөн сот отуруму ушундай иштерге бир чети жакшы болмок. Карантин деп эле кишилерди тергөө изоляторунда кармай берсек ал жерде шарт катаал да. Кичинекей, төрт тарабы бетон, таза аба жок, адамдар күн көрбөйт. Колонияда шарт ага салыштырмалуу жакшы. Ошондуктан кээ бирөө эртерээк өкүм чыкса деп шашат».

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов соттук жараянды аралыктан онлайн өткөрүү буга чейин Кыргызстанда колдонулбаганын жүйө келтирди. Ал өлкөдөгү азыркы жагдай ишти аралыктан кароого түрткөнүн, бирок тиешелүү мыйзам жок экенин билдирди:

«Айыпталуучунун бөгөт чарасы аныкталып жатканда аны аралыктан же онлайн караса болот. Бирок иштин маңызын ушундай тартипте кароо Жазык-процессуалдык кодексте жазылган эмес. Кыргызстанда өзгөчө абалда, өзгөчө шартта сот процессин уюштуруу практикада да, мыйзамда да, керек болсо теориялык жактан да каралган эмес. Эгерде Жазык-процессуалдык кодекске таяна турган болсок, адвокаттардын сөзүнүн жөнү бар. Эми процессуалдык мыйзамдарга өзгөртүү киргизбесек да сот бийлигин тейлеген башка мыйзамдарды өзгөртүп ушундай кырдаалда, пандемия учурунда сот процесстерин уюштуруу тартибин карап койсок ашыкча болбойт».

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында. Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар аны четке кагып жүрүшөт.

Ишти райондук сот жабык карап жатат. Азыр соттук акт менен таанышуу жараяны уланууда.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG