Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

COVID-19: Дагы 681 адам вируска чалдыкты


Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу чараларынын бири - коомдук жайларда беткап менен жүрүү. Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек, 2021-жыл.
Коронавирустун жайылуусунун алдын алуу чараларынын бири - коомдук жайларда беткап менен жүрүү. Иллюстрациялык сүрөт. Бишкек, 2021-жыл.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 7-августка карата 681 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жол менен ырасталды. Илдеттен 9 адам көз жумду. Акыркы суткада оорудан 1513 киши сакайды.

Оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте - 327;
Ош шаарында– 8;
Чүй облусунда – 104;
Ош облусунда – 18;
Талас облусунда – 20;
Нарын облусунда – 11;
Ысык-Көл облусунда – 65;
Жалал-Абадда – 82;
Баткенде – 46.

Ушуну менен коронавирус алгач катталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда 168 415 адам ооруга кабылган. Анын ичинен 155 447 адам сакайды. Оорудан жалпы 2389 адам көз жумду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG