Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

Европада газдын баасы жаңы рекорддук чекке жетти


Уренгойдогу завод жарылган учур. Ямал-Ненец автоном аймагы, Орусия. 5-август, 2021-жыл.
Уренгойдогу завод жарылган учур. Ямал-Ненец автоном аймагы, Орусия. 5-август, 2021-жыл.

Европада көгүлтүр оттун миң кубометри 540 доллардан ашып түштү. "Коммерсантъ" баа "Газпром" ишканасынын Ямал-Ненец автоном аймагындагы заводу жарылгандан кийин көтөрүлүп кеткенин жазды.

5-августтан 6-августка караган түнү Уренгойдогу "Газпром кайра иштетүү" заводу жарылгандан бери "Ямал – Европа" газ кууру менен көгүлтүр отун экспорттоонун деңгээли төмөндөдү. Бейшембинин аягында Германияга келген газдын көлөмү эки эсе азайып, 1 млн. куб метрге түштү.

Маалыматта айтылгандай, Орусиянын экспортко кетүүчү газынын 80% Ямал-Ненецтеги завод аркылуу алынат. Заводдун жарылуусунан экология да жабыр тартканы кабарланууда. "Лента.ру" гезитинин маалымдашынча, заводдун жетекчилиги жарылуу боюнча маалымат берүүгө тыюу салган. Учурда кырсыктын себептери аныкталууда.

Орусиянын "Газпром" ишканасы дүйнө жүзүндөгү газ корунун 16%, ал эми Орусиядагы газ кендин 71% ээлик кылат.

XS
SM
MD
LG