Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:26

Айгүл тоодогу арзуу


Адам кыялынан укмуш нерсе жоктур бул дүйнөдө, айрыкча сүрөткердин. Мурза Гапаровдун “Айгүл тоо” аңгемесинде сулуулук, тазалык, сүйүү - пенде баласынын эң аздек сезими баяндалган.

Дейди турмуш

Мурза Гапаровдун мына ушул “Айгүл тоо” баянында өзүнүн жазуучулук дүйнөсү тууралуу айткан бир таамай сөзү бар.

“Өзүнүн дайдилик турмушунда Иса жалаң жакшы адамдарды жадына тутуп, сулуу аялдар менен кооз жерлердин элестерин гана эстеп келет. Мунун китеби - жакшылыктын китеби, сулуулуктун китеби. Бирок, китеп али жарык көрө элек жана жазылып бүтө элек. Мүмкүн ал анын өмүрүнүн аягына чейин жазылар. Бул - анын өмүрлүк китеби, башкы китеби”.

Сулуулук менен асылдыкты баалаш үчүн өзүң ошондой болушуң керек. Ыраматылык социализм заманында деле Мурза Гапаров чыгыш элдеринде көп кылымдар майрамдалып келген Жаңы жыл – Нооруз майрамын жыл сайын эстеп, буудай өндүрүп белгилечү экен. Анын үстүнө ал күндү туулган күнү деп жаздырып алган.

“Бүгүн саат 2де, 22-марттын түнү кирет. Дагы жарым сааттан кийин. 22-март - бу кишинин туулган күнү, билсеңиз. 22-мартта күн менен түн теңелет эмеспи, эсиңизде болсо. Анан... 22-март деген - жаңы жыл да бизчесинен, Нооруз майрамы да! Мына бүгүн биз эки майрамды кошо майрамдайбыз: туулган күнүбүздү жана жаңы жылыбызды...”.

Кош майрамды белгилеш үчүн, албетте, автордун ийнине иле жүрчү баштыгында кызыл шарабы болуш керек. Баткенге кеч келип көздөгөн жерине жете албай Али ава куруп койгон жол боюндагы жалгыз тамга түнөмөй болду. Баткенге акыркы рейс менен учуп келип, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп ээн талаадагы жалгыз бекетке түндөсү келди. Бул жерде жолоочуларга керектүүнүн баары бар болчу, төшөнчү аяк, нан, чай, туз дегендей. Ичкилик ичем дегенге азыраак закуске –калемпир, пияз, намаз окуймун дегендерге жайнамаз.

Бул оокаттын баарын Али ава деген ажайып абышка он чакырым жерден жөө басып келип дайындап кетет. Алыстан келип чоң жолдон түшүп, айылына машине күткөндөр жетер жерине жете албай калышса ушул үйгө токтошот. Очокко от жагып, арыда агып жаткан дарыядан суу алып келип чай коюп, өздөрүн мейман кылышат. Баткендеги Али авадай апенди кишини Иса Ош менен Өзгөндүн ортосундагы ээн талаадан бир жолуктурган. Ат араба же жөө каттагандар үчүн бир боорукер адам кумурага булактын муздак суусун куюп үстүнө алюмин кружка коюп койгон экен.

Жол боюндагы үй

Мына Баткендеги Али аванын жол боюндагы үжүрөсүндө отуру. Чай коюп, денесине жылуулук киргенде кыял кемесинде термелди. Дал ушул күнү чыгыш элдеринин жаңы жылында мурда бүт айыл биригип чоң кара казандарга сүмөлөк кайнатышчу. Балдар чурулдап ары-бери чуркап, жаштар оюн башташып, карылар өткөнүн эстеп таң аткыча айыл майрам шаңына бөлөнчү. Жаштык да, аны менен кошо сүмөлөк кайнатмай да жоголуп, минтип Иса Баткендин кан жолундагы кичинекей үйдө өзү менен өзү отурат. Бул ирет азыраак эс алып анан Айгүл тоого чыгып келиши керек, керемет гүлдү көрүп алып кечке чейин тажиктердин Исфара шаарына түшүп кетмек. Ал жерде бул кезде өрүктөр, шабдолулар гүлдөп, шаар көркүнө чыгып калат. Андан Коконго, Маргалаңга жол алат. Чыгыш үлгүсүн сактаган ушул кичине шаарлар Исага аябай жагат.

“Тар көчөлөрү, тамбашы жалпак жапыз тамдары, кызыл-тазыл базарлары, суу боюна салынган чайканалары, түрктөрчө курулган мончолору... Баарысы Исанын жан дүйнөсүнө жакын, аларды көргөн сайын анын көңүлү көтөрүлөт, делебеси козголот. Айрыкча Кокон шаары... Коконго бир жылда бир ирет тийип өтпөсө, ошол жылкы турмушуна анча алымсынбай калат бул.

Кокондо биринчи жолу ал Гөвар менен болгон. Гөвар анда институтта окучу, он тогуз жаштагы ойсеке кыз эле, жувармек. Калп эле оорудум деп ооруканадан үч күнгө кагаз жаздырып алып, Иса менен кошо Коконго жөнөп берген. Коконго экөө кеч келишип, мейманканага орношо албай, чайканага түнөштү. Чайканачы чал адамгерчиликтүү киши экен бечара, булардын ал-акывалын түшүнгөн соң, дароо эле макул болду. Ал турмак, чайканасын жаап жаткан жеринде, кайрадан экөөнө чай демдеп, алдыларына нан, нават коюп, анан кетти үйүнө. Бул экөө шашылбай отуруп курсактарын тойгузушту. Кийин сөрүдө жайылып жаткан төшөктөрдү жыйнашып, өздөрүнө жай салганы киришти”.

Ак жоолукчандар арасында сүйгүнчүк Иса Гөвсар экөө ошол жерде унутулгус түндү өткөрүшүп эртеси шаар аралап кетишти. Чайканага түнөткөн тажик чалга Иса шаардан өзүнө алган калпагын белек кылды. Чал батасын берди. Ошол эле күнү кечинде Маргалаңга, андан Ферганага өтүп, ал жерден акыркы рейс учакка олтуруп Фрунзеге кайтышкан. Ошол акылдуу, сулуу кыздын күйөөсүмүн деп бир жаш жигит бир күнү Исага келиптир.

“- Мм... А эмне үчүн Гөварга үйлөнбөдүң? Сиздин аялыңыз жок турбайбы?

- Гөвар тийбейм деп койду. Өзүң көрүп турбайсыңбы, мен андан эки эсе улуумун да. Гөварга мына сен жарашасың. "Тең-теңи менен тезек кабы менен" деген бар эмеспи.

- Мунуңуз туура, - деди бала.

Иса бул дагы эмне жөнүндө сураар экен деп коркуп турду. Кудай жалгап, суроосу түгөнүптүр.

- Болуптур эмесе, жакшы калыңыз, - деди да, чукул бурулуп, көңүлдүү түрдө басып кетти. Исага ал өзүнүн сүйүктүү обонун ышкырып ырдап бараткансыды...”.

Кийинки бийкечи Айганыштын күйөөсү экөөнүн жашырын жолугушуп жүргөнүн билгенде, боздоп ыйлап жибериптир. Айганышты ээрчитип Арстанбапка барышчу. Аялдардын баарын Иса жакшы көрчү. Тек оюна койсо, жакшы көргөн аялдарынын ар бирине аңгеме арнап чыкмак, анте албай жүрөт. Жалал-Абадга барган сайын аны Айганыш Оштон күтөт. Экөө Айкыз кемпирдин үйүнө барышат. Айганыш Арстанбаптын жазын көрө элек. Быйыл көрсөтөйүн деп ойлоп жүрөт.

Койсары

Бул ирет Баткенден барар замат кичинекей машинкесин алып Көлгө Койсарыга кетет. Колхоздун ээн турган эс алуу үйүнө барып, бош турган номурлардын бирине жатып алып чыгармаларын жазууга киришет. Машинкеси экөө чарчагыча иштешет. Жол боюндагы ээн үйдө өткөн-кеткенди ойлоп отуруп Иса алып келген конягынан ичип алып эртелеп уйкуга кам урду. Былтыр жайда ушул чөлдүн этегиндеги ысык булакка дарыланганы келип дагы бир боорукер тажик чал куруп койгон үйдөн Айзада деген сулуу кызды көргөн. Ошол кыздан Айгүл тоонун дайынын уккан.

Акыйкаты, тааныбаган жерге келип түн ичинде мурда көрбөгөн Айгүл гүлүн Исага окшош кыялкеч апенди гана издемек.

“Деги эле, бир гүлдү көрөмүн деп атайы Фрунзеден ушул жерге чейин күндөп-түндөп жол жүрүп келип, эми минтип ээн тоонун башында жалгыз темселеп жүрүш - апендичилик эмеспи? А бул тоого барамын деп, бул гүлдү көрөмүн деп кыш ичи жазды күтүп чыкканын кантесиң мунун! Жок, бул жөнүндө бирөөгө айтсаң ишенбейт, а ишенсе күлөт...”.

Күндөн күн санап Баткендеги кичи тоодогу айгүлдүн ачылышын, андан да ал жерде жашаган Айзаданы бир көрүп алсам деген Иса ошол түнү эңсегенине жетти. Ээн тоодо экөө жолугушту, Айзада таянесине алып келем деп тоого чыккан экен.

“Кыз аны тааныды окшойт, алдыга чыга келди. Ал ак жоолукчан, ак пальточон экен. Ипичке, нооча бою менен анын алдында турду. Апаппак жүзү, апаппак тиши ай нуруна чагылышып, ал ушул тапта сулуулуктун жана тазалыктын периштесиндей болуп көрүндү.

- Ой... - деди ал сүйүнүп. - Сизсизби? Атайы келдиңизби?

- Өзүң мактап коюп... - деди Иса, кызды көргөнгө жетине албай, ага эркелеп.- А мен сизди Аскар агай экен дептирмин. Аскар агай дагы жакшы көрөт бул гүлдү. Бирок, ал киши апрелдин башында гана чыгып жүрөт бул жакка. А мен дайыма ушул түнү келем...

- А эмне үчүн... дайыма ушул түнү? Бүгүн?

- Бүгүн жаңы жыл эмеспи? Нооруз майрамы да? А менин тайенем бул майрамды өтө ыйык көрөт. Анан ал киши: ушул күндөрү үйүбүздө айгүл турсун дейт. Эмне үчүн экенин жакшы билбейм. Мына ошол... Мурдагылары экөөбүз келчү элек, анын буту ооругандан бери мен өзүм эле келип жүрөм”.

Экөөлөп айгүлдү издеп киришти. Иса ичинен сулуу кызды көргөнүнө ишенбей "Сен өзүң айгүлсүң. Сен өзүң ай кызсың..." деп угузбай жалынып, ээн тоодогу түнкү жолугушууга ишенип-ишенбей турду. Кыз быйыл окуусун бүтүп жатканын бирок шаарга барбастыгын, таенесин таштап кетпестигин, бул дүйнөдө таенеси экөө гана калышканын айтты. Акыры издеп жүрүшүп айгүлдү табышты.

Кыз “сиз меймансыз, алыңыз” деди. Бирок Иса “гүлдү көрдүм, көркүн көрдүм, жетишет” деп макул болбоду. Тоого таң жарып, айлана ачыгыраак көрүнүп калды. Коштошордо Айзада Исадан быйыл Кан жылгага келерин сурады. Иса ишинин көбүн шылтоо кылып келер-келбеси белгисиз экенин айтты, кыз болсо быйыл да таенеси экөө ысык булакка барышарын айтып, айылга бет алды. Бара албайм го дегени менен Исанын баргысы келип, сулуу кыздын артынан эси оой карап турду. Айтса, ошол жылы ал Кан жылгага барып, ысык булактын үстүндөгү жыгач үйдөн чыгып бурулуштан көрүнгөн эшек арабаны карап туруптур.

Ушундай баян, кыял менен сезими аралашкан жомокко окшош - баарысы мамыр-жумур аралашып кеткен керемет аңгеме.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG