Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:03

Масадыков vs Ташиев: маектен чыккан талкуу


Камчыбек Ташиев жана Таалатбек Масадыков (коллаж)
Камчыбек Ташиев жана Таалатбек Масадыков (коллаж)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ишин сындаган Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковго атайын кызмат жооп кайтарды.

Чекисттер Масадыковдун кеңештерине муктаж эмес экенин айтып, аны кызматтык милдеттеринен чыкпоого чакырды.

6-августта Интернетке Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков менен журналист Майраш Базлакунованын маеги жарыяланды.

Анда Масадыков Кыргызстандын тышкы саясаты, кадрдык дайындоолор жана улуттук коопсуздук маселеси тууралуу кенен айтып берген. Ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып, УКМКнын учурдагы жүргүзүп жаткан ишин сындаган.

Маекте Масадыков атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге кеңеш берүүгө даяр экенин билдирип, УКМК элге чыкпай, тынч иштеши керектигин белгилеген.

“УКМКнын кээ бир иштерине мен кеңеш берүүгө даярмын. Балким, айрым нерселер башкача болушу керек эле. Анткени УКМК коомчулукка, медиага чыга турган мекеме эмес. Алардын кылган иши тынч болушу керек. Коопсуздук кеңештин иши да ошондой. Мен биринчи жана акыркы жолу интервью берип жатам. Анткени бул нерселер башчылардын уруксаты жок болбошу керек. Коопсуздук тармак тынч иштеши абзел. Бардык мамлекеттерде ушундай. Бирок Кыргызстанда бул өзгөчө болуп жатат”.

Ушул эле күнү УКМКнын басма сөз кызматы Таалатбек Масадыковдун айткандарына жооп кайтарды. Анда атайын кызмат Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары “Конституцияда каралган кызматтык милдеттерине негизделген ыйгарым укуктарын гана аткарышы” керектиги жазылган.

Билдирүүнү УКМКнын расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева окуп берди.

Назгүл Кыдыралиева
Назгүл Кыдыралиева

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик кеңеши бүгүнкү күндө медиа менен иштөө бийлик органдары үчүн болуп көрбөгөндөй маанилүү, анткени бул аткарылып жаткан иш тууралуу коомчулукту кабардар кылуунун жеткиликтүү ыкмасы деп эсептейт. Атайын кызмат аткаруу бийлигинин маанилүү органы жана зарыл учурда конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын кеңештерин жана сунуштарын колдонот”.

УКМКнын жообу коомчулукта анын төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикири катары кабыл алынып, Ташиев менен Масадыковдун ортосундагы пикир келишпестик катары бааланып жатат.

Атайын кызматтын мурдагы төрөгасы Кеңешбек Дүйшөбаев бийликтегилердин өз ара кайым айтышуусун дурус эмес көрүнүш катары баалады:

Кеңешбек Дүйшөбаев
Кеңешбек Дүйшөбаев

"УКМК менен Коопсуздук кеңешинин төрөгасынын орун басарынын ортосунда болуп жаткан бул окуя абдан өкүнүчтүү. Мамлекеттин тагдырын чечүүчү кызматта отурган адамдардын кайым айтышканы туура эмес. Президент Садыр Жапаров буга жол бербеши керек. Балким Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынын өткөрүп, маселени ошол жерден чечкен оң. Мындай иштин коомчулукка чыгып, ызы-чуу болгону – бул мамлекеттик жетекчилердин ортосунда талаштуу маселелер бар экенин билдирет.

Кеңешбек Дүйшөбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти мурда жетектеген адам катары атайын кызматтын табияты тууралуу буларды айтты:

"Бүткүл дүйнөлүк практикада Коопсуздук кызматынын иши коомчулукка ачык болбойт. Ошол эле кезде таптакыр жабык да болбойт. Зарыл учурда, парламентте же президенттин астында маалыматтарды берип турушу керек. Бирок ишти аягына чыга электе жарыялоону чекилик деп эсептейм".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Исхак Масалиев эки бакандай кызматтын ортосундагы абал үчүн президенттин жоопкерчилигин эске салды.

"Эң өкүнүчтүү нерсе – УКМКнын башчысы да, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары да президентке түз баш ийген кызматкерлер. Президент экөөнү отургузуп, биримдикке алып келбесе, коомчулукта түшүнбөстүктөр боло берет. Мамлекетте мындай нерсе болбошу керек. Экөөнү тең башкарып, бирок уруштуруп карап турганы интригага окшоп кетип жатат", - деди Масалиев.

Президент Садыр Жапаров 12-июлда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын түзүп, ага дароо эле Таалатбек Масадыковду дайындаган. 27-июлда Садыр Жапаров Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгенин жана Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдөө менен бул органдын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жасалып жатканын белгилеген:

"Сиздин эл аралык масштабда, дүйнөлүк маселелерде тажрыйбаңыз чоң. Ошого байланыштуу тандалып алындыңыз. Сырткы маселеде, ички маселеде, коопсуздук жана башка маселелерде тарыйбаңыз чоң деп, сизди тандап алдык".

Коопсуздук кеңеши мамлекет башчынын коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Ага президент төрагалык кылат.

Саясат талдоочу Мүсүркул Кабылбеков буларга токтолду.

"Масадыковдун УКМК тууралуу айткан сөзүндө чындык бар. Атайын кызмат тынч иштеши керек. Бирок Масадыковдун статусу так аныкталган эмес. Ал ойдон чыгарылган кызмат ордуна дайындалды. Мындай учурда кимдир бирөөнүн ишин сынга алып, коомчулукту дүрбөлөңгө салуу туура эмес. Аны иштеш үчүн кызматка чакырган. Ошондуктан Масадыков саясий чуулардан алыс болушу керек".

Атайын кызмат өз жообунда Масадыковдун кызмат орду тууралуу да айтып кеткен. Исхак Масалиев анын кызмат орду мыйзамдуу деген пикирде:

"Конституцияда Коопсуздук кеңеши деген бар, анын төрагасы президент. Конституцияда бардык эле кызматтар жазыла бербейт да. Конституцияда УКМК деген да сөз жок. Бирок улуттук коопсуздук маселелери бар. Мисалы, Баш мыйзамда президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, прокурор дегендер бар. Ошондуктан бул жерде Конституциянын эч кандай тиешеси жок. Коопсуздук кеңешинин төрагасы президент болсо, анын орун басары дайындалганда ага кандайдыр бир ыйгарым укуктар берилген болсо керек. Ошон үчүн Конституцияны айтып элди адаштырбаш керек".

Камоолор: сын жана жооп

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков 6-августтагы маегинде акыркы учурдагы камоолор тууралуу да айткан. Ал "саясий туткундардын" маселесине токтолуп, мамлекет башчысы мындай шартта кечиримдүү болушу керектигин белгилеген.

Ошол эле кезде Масадыков "саясий туткундар" деп кимдерди айтып жатканын түшүндүргөн эмес.

Кыргызстанда учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Мухаммедкалый Абылгазиев, Темир Сариев, экс-спикер жана депутат Асылбек Жээнбеков, саясатчылар Равшан Жээнбеков, Жеңиш Молдокматов, Фарид Ниязов, депутат Төрөбай Зулпукаров жана башкалар Кумтөр иши, Кой-Таш окуясы, октябрь окуялары, жемкорлук жана башка кылмыш иштери боюнча камакта жатат. Мындан тышкары, бир канча мурда-кийин жогорку кызматта иштеген адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айрымдары үй камагына чыгарылган.

Атайын кызмат Кыргызстанда "саясий туткундар" жок деп эсептейт. УКМКнын басма сөз кызматы сынга "Масадыковдун мамлекет башчыга акыл үйрөтүүгө укугу жок" деген жооп кайтарды.

"Бүгүнкү күнү бизде саясий туткундар жок, кылмыш кылганы үчүн мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылып жаткандар бар. Аларды айрым күчтөр саясий куугунтукка кабылгандар деп бурмалоого аракеттенип жүрөт. Учурда коомчулук өлкөдө коррупциялык көрүнүш, анын ичинде саясий коррупция менен күрөш жүрүп жатканына ишене баштады" деп жазылган атайын кызматтын жообунда.

УКМК кимдир бирөөнүн күнөөсүн сот аныктай турганын, ага жараша жоопкерчиликке тартууну же бошотууну сот гана чечерин, соттун ишине мамлекет башчынын да кийлигишүүгө укугу жоктугун белгилеген.

Анткен менен укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМКнын "саясий туткундар жок" деген билдирүүсүнө кошулбайт. Буга ал абактагы Жеңиш Молдокматовду мисал тартты:

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

“Саясий куугунтук болуп эле жатат. Маселен, бийликке ачуу сын айткан “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов абакта жатат. Мындан башкалар да толтура. Бул бийлик деле мурункулардан айырмаланган жок. Өзүнүн оппоненттерин камоо менен алек. Мына жакында эле Жогорку Кеңеш “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алды. Бул коомдук, саясий лидерлерди камоого жол ачкан мыйзам болуп калды”.

Президент Садыр Жапаров жана анын тарапкерлери саясий куугунтук тууралуу пикирлерди четке кагып жүрүшөт. 31-июлда Жапаров "Фейсбуктагы" расмий баракчасына убактысын саясий куугунтукка коротпой турганын айткан билдирүү калтырган.

“Мен убактымды куугунтукка эмес, өнүгүүгө жана бүткүл кыргыздарды бириктирүүгө, чогултууга жумшашым керек”, - деп жазды Садыр Жапаров.

Коррупцияга каршы күрөш демекчи, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жемкорлукту жоюу аракеттери коомдо талаш-талкууларга жем таштап келе жатат.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев алты айдын жыйынтыгын 8-июлдагы брифингинде коррупцияга каршы күрөштү мындайча корутундулаган:

"2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында “коррупция”, “мыйзамсыз баюу”, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара алуу талап кылуу” беренелери боюнча 304 сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Мамлекеттик органдардын 302 жооптуу кызматкери кармалып, жоопкерчиликке тартылды. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмыш фактылары боюнча бюджетке 26 млрд. сомдук зыян келтирилгени аныкталды. Мунун 6 млрд. сомдой каражатынын орду толтурулду. Биздин укук коргоо органдарынын тарыхында мындай тажрыйба болгон эмес. УКМКнын эле мисалын айтсам, былтыр 10 айда болгону 100 млн. сом өндүрүлгөн, а биз алты айда 6 млрд. сом өндүрүп жатабыз. Бул жүздөгөн пайызга көптүк кылат десем болот".

УКМК маегине дароо жооп кайтарган 60 жаштагы Таалатбек Масадыков Кыргызстандагы Ооганстан боюнча эң көрүнүктүү адис катары таанымал. Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, саясаттагы жаңы адам катары өзүн тааныштырган.

Андан бери өлкөдөгү окуялар боюнча пикирин билдирип, Кыргызстандагы көпчүлүк жараяндар туура эмес нукта бара жатканын, эгер саясат өзгөрбөсө кесепети оор болорун эскертип жүргөн.

XS
SM
MD
LG