Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:18

ЖККУ тажик-ооган чек арасын талкуулады


Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жыйыны. 28-ноябрь, 2019-жыл.
Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун жыйыны. 28-ноябрь, 2019-жыл.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Бишкекте өткөн жыйынында 15 документке кол коюлду.

Ал документтердин мазмунунда глобалдык жана чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө боюнча кызматташуу, тажик-ооган чек арасындагы чыңалууну азайтуу жана уюмдун алкагында алаканы жакшыртуу сыяктуу маселелер каралган.

ЖККУнун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков уюмдун кезектеги сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат берип, бул жолу тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга басым жасалганын айтты.

Чек ара күн тартибинде турат

28-ноябрда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы Кыргызстандын төрагалыгында өттү. Уюмдун жыйыны жабык болгондуктан анда кандай маселелер каралганы тууралуу кенен маалымат берилген жок.

Жыйындын соңунда гана президенттин аппараты ЖККУнун кезектеги сессиясында 15 документке кол коюлганын жарыялады. Уюмдун башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков журналисттерге учкай маалымат берип, жыйында Тажикстан менен Ооганстандын чек арасындагы кырдаал күн тартибине чыкканын билдирди.

Валерий Семериков.
Валерий Семериков.

- Жакынкы Чыгыштагы абал террористтик коркунучтун очогу болуп турат. Ооганстандагы ар кандай экстремисттик топтор жана «Ислам мамлекети» террордук уюму олуттуу коркунуч жаратууда. Буга жакында эле Тажикстандын чек ара бекетине болгон кол салуу далил. Бул маселе боюнча жыйында кенен талкуу болуп, террористтер биздин аймакка кантип киришкенинен тарта майда-барат маселелер каралды. Биз бул кол салууну террористтер Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмундагы өлкөлөргө кирүүгө кылып жаткан аракет катары баалайбыз.

Семериков 6-ноябрга оогон түнү Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен аймагындагы «Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине болгон куралдуу кол салуу тууралуу сөз кылып жатат.

Тажик бийлиги бул кара санатайлыкты «Ислам мамлекети» террордук тобунун 20 мүчөсү уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. «Кол салууда бир чек арачы менен бир милиция кызматкери өлгөн» деп кабарланган.

Коопсуздук жаатындагы эксперттер бул окуяны Борбор Азиядагы мамлекеттерге коңгуроо катары сыпатташкан. Ооганстан жана Борбор Азия боюнча адис Таалатбек Масадыков «Азаттыкка» аймактагы кырдаал боюнча пикири менен бөлүштү.

Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

- Борбор Азияда кырдаал аябай курчуп баратат. Анткени террористтик жана экстремисттик топтор көбөйүп жатат. Ооганстанга, Пакистанга, андан тышкары Борбор Азиядагы өлкөлөргө Сириядагы согуштарга катышып келген адамдар кайтып барышууда. Алардын кээ бири жашыруун кирип жатышат. Ошондуктан коопсуздук маселеси азыр курч турат. Ошондой эле мамлекеттер өздөрү да согуш болгон жердеги жарандарын көчүрүп келишүүдө. Алар кантип, кандай шартта көзөмөлдөнөт - бул да чоң маселе. Эң начар жана корголбогон чек ара бул Түркмөнстандыкы болуп жатат. Андан кийин Тажикстан менен Ооганстандын чегиндеги тоолуу аймактар жана Өзбекстандын чек арасы кооптуу. Бирок террористтердин аталган үч чек ара аймагынан өтүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан бул боюнча Борбор Азиядагы мамлекеттер бири-бири менен тыгыз маалымат алмашып, ЖККУга мүчө өлкөлөр ыкчам чара көрүшү керек. Антпесе кеч болуп калат, - деди Масадыков.

Октябрь айында орусиялык басылмалар Орусия Тажикстанга кайтарымсыз түрдө 5 миллион долларга бааланган аскер техникаларын жана курал-жарактарын бергенин жазышкан. Тажик тарап ага чейин да 9 миллион долларлык абадан коргонуучу каражаттарга ээ болгон. Эксперттер муну Ооганстандагы коркунучту алдын-алуу катары баалашкан.

ЖККУ: бир катар документтерге кол коюлду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00


Ал эми Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) жыйынында билдирүү жасаган президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары уюмда аскерий, аскерий-экономикалык жана техникалык кызматташуу боюнча конкреттүү кадамдар жасалганын айтты. Ал буга Тажикстанда, Орусияда болгон биргелешкен аскердик машыгууларды мисал келтирип, аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Орусияга ишеним артарын жарыялады.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Жалпы Евразия регионунун коопсуздугун камсыздоодо Орусиянын аракетин өзгөчө белгилегим келет. Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн «Борбор-2019» стратегиялык командалык-штабдык машыгуулары мындай аракеттин айкын мисалы боло алат. Заманбап техниканы колдонуу менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасына мен өзүм Оренбург шаарында күбө болгон элем. Орусия куралынын күч-кубатын өз көзүм менен көрүп, ага абдан таасирлендим. Биз Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек араларына камтама болбой эле койсок болот.

ЖККУнун кезектеги сессиясына уюмдун курамындагы Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри катышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасынын орун басары Токон Мамытов аймактагы коопсуздук маселеси тууралуу буларга токтолду.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Ооганстандагы саясий жана аскерий кырдаал ар дайым ЖККУ мамлекеттеринин көзөмөлүндө болот. Себеби Ооганстандагы согушчандар ЖККУдагы өлкөлөрдүн аймагына кирет деген коркунуч бар. Орусиянын Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскерий базалары Ооганстанда кырдаал курчуп кетсе анын алдын алуу үчүн уюшулган.

Кыргызстан ушуну менен 2019-жылдагы Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) болгон төрагалыгын жыйынтыктап, 2020-жылы төрагалык кылуу милдети Орусияга өттү. Андан тышкары Станислав Зась уюмдун жаңы башкы катчысы болуп шайланганы белгилүү болду. Ал 2020-жылдан тарта иштей баштайт.

ЖККУну түзүү келишимине 1992-жылдын 15-майында кол коюлган. Уюмдун башкы максаты катары "биримдикке кирген өлкөлөрдү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террористтик коркунучтан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо" деп айтылат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG