Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:35

Окуу форматы эпидемиологиялык кырдаалга жараша аныкталат


Пандемия учурундагы окуу. Бишкек. 1-сентябрь, 2021-жыл.
Пандемия учурундагы окуу. Бишкек. 1-сентябрь, 2021-жыл.

Жаңы окуу жылында билим берүү мекемелериндеги окуу форматы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша аныкталат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү, Билим берүү жана илим министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар менен чогуу 25-августка чейин окуу форматын иштеп чыгат. Мындай тапшырма республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Өкмөт башчынын орун басары Жылдыз Бакашова Билим берүү жана илим министрлигине мугалимдердин арасында коронавируска каршы эмдөөнүн зарылчылыгы жана маанисин түшүндүрүү иштерин улантууну тапшырды. Азырынча Кыргызстандагы мугалимдердин канча пайызы коронавируска каршы эмделгени тууралуу так маалымат жок.

Жыйында коронавирустун жана вирус козгогон пневмониянын күнүмдүк катталуусу азайып бара жатканы белгиленип, эмдөөнү тездетүү зарылдыгы тууралуу сөз болду. Андан тышкары президенттин бардык облустардагы өкүлдөрүнө, шаар башчыларына, медициналык кызматкерлерге, эмдөө тууралуу маалыматтарды каттаган кызматкерлерге бурмалоолорго жана "жасалма" эмдөө күбөлүктөрүн берүүгө тыюу салынары эскертилди.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 8-августка карата берген маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери оору жугузуп алгандардын саны 169 миңден ашты. 157 миңге чукул адам сакайды. 1399 киши көз жумду.

COVID-19 вирусуна каршы 600 миңден ашуун адам эмделди. Анын ичинде биринчи дозаны - 537 202 адам, экинчи дозаны 168 119 адам алды. Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 19 900 адам өттү, анын ичинен 8 570 биринчи дозаны, 11 330 адам экинчи дозаны алган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG