Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:43

Францияда санитардык тыюуларга каршы митингдер уланды


Франциядагы "Санитардык диктатурага" каршы митинг. 7-август, 2021-жыл.
Франциядагы "Санитардык диктатурага" каршы митинг. 7-август, 2021-жыл.

Францияда 7-август күнү "Санитардык диктатурага" каршы митингдер уланды. Санитардык чектөөлөргө каршы митингдер ушуну менен төртүнчү ишембиде болуп өттү. Өлкөнүн 150 шаарында ондогон адамдар көчөгө чыгып, коронавируска каршы киргизилип жаткан жаңы чараларга нааразылыгын билдиришти.

Франциянын Конституциялык кеңеши чыгарган жаңы чечимге ылайык, эмделгени тууралуу күбөлүгү же вирусу жоктугун аныктаган тесттин корутундусуз адамдар маданий, спорт мекемелерине, коомдук тамактануучу жайларга, соода борборлоруна бара алышпайт. Эмделбеген жарандарды иштен бошотуп коюуга уруксат берилген.

9-августтан тартып Францияда өткөрмө режими ишке кирет. Ага ылайык, бардык кафе-ресторандарга, соода борборлоруна жана алыска кетүүчү поезддерге эмделген жана вирусу жоктугун тастыктаган маалымкаты колунда бар адамдар гана кире алышат. Элдин бир бөлүгү мындай чектөөлөргө каршы.

Ушундай эле чектөөлөр каршылыктарга карабай, 6-август күнү Италияда киргизилди. Өткөрмө режими коомдук тамактануучу жайларда, транспортто, маданий жана спорттук мекемелерде иштейт. Италия өкмөтү мындай чектөөлөр жаңы окуу жылын коопсуз абалда баштоо үчүн зарылдыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG