Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

"Чоң жетинин" мүчөлөрү Иранды танкерге кол салууга айыптады


"Чо жети" уюмунун эн белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.
"Чо жети" уюмунун эн белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.

6 -августта АКШ аскерлери жана "Чоң жетинин" (G7) мүчөлөрү Омандагы танкерге кол салуу үчүн Иранды күнөөлөштү.

АКШ армиясынын Борбордук командачылыгы өткөн аптада Араб деңизинде учкучсуз учактын чабуулунан кеменин капитаны жана күзөтчүсү курман болгонун тастыктаган далилдерди чогултуп, текшергенин билдирди.

"Америкалык эксперттер бул учак Иранда жасалган деген далилдерге таянып жыйынтык чыгарышты ", - деп айтылат билдирүүдө. Ошол эле учурда, "Чоң жетинин" мүчөлөрү израилдик миллиардер Эял Оферге таандык кемеге "мыйзамсыз кол салууну" айыпташты.

Расмий Тегеран кол салууга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.

"Чоң жети" уюмуна Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана АКШ мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG