Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев кызматынан бошотулду


Башкы прокуратуранын имараты. Бишкек шаары.
Башкы прокуратуранын имараты. Бишкек шаары.

Бишкек шаарынын прокурору ишкерликке мыйзамсыз кийлигишүү жана мыйзамсыз жоопко тартууга байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Башкы көзөмөл органы тарабынан Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлеринин иши текшерилген.

Натыйжада Бишкек шаардык прокуратурасы курулуш компаниясына турак жай комплексин куруу үчүн уруксат берилген документтер мыйзамдуу экенине карабай, жүйөсүз кылмыш ишин козгогону, анын негизинде ишкананын жетекчиси кармалып, жоопкерчиликке тартылганы аныкталган. Бул боюнча сотко чейинки ачылган өндүрүш иши кыскартылган.

Башкы прокуратуранын кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында, Бишкек шаардык прокуратурасынын бир катар кызматкерлери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылып, жетекчиси Марсбек Кыдыкбаев кызматынан бошотулду.

Марсбек Кыдыкбаев Бишкек шаарынын прокурору болуп быйыл февралда дайындалган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG