Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:18

Жапаров: Олимпиада байгеси өлкө эгемендигинин отуз жылдыгына татыктуу белек


Кыргызстандык спортчуларды тосууга келген эл. Бишкек. Ала-Тоо аянты. 7-август, 2021-жыл.
Кыргызстандык спортчуларды тосууга келген эл. Бишкек. Ала-Тоо аянты. 7-август, 2021-жыл.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-августта Токиодо Олимпиадасына катышкан кыргызстандык спортчуларды куттуктады.

Мамлекет башчы Ала-Тоо аянтында Токиодон кайтып келген спортчуларга арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып, Олимпиада оюндарында уткан медалдар өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карата чоң белек экенин айтты.

"Сиздер алып келген медалдар Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына татыктуу белек болуп отурат. Сиздерге кудай күч-кубат берсин!", - деди Жапаров.

Токиодогу жайкы Олимп оюндарына катышкан кыргызстандык курама командага арналган салтанаттуу иш-чара Ала-Тоо аянтында өттү.

Токиодо өткөн Олимпиадада кыргызстандык балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн күмүш медал утту. Махмудовдун бул жетишкендиги Олимп оюндарындагы эгемен Кыргызстандын тарыхындагы экинчи күмүш байге.

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күмүш медалга жетти. Тыныбекова Олимпиаданын финалында күрөшкөн кыргызстандык 3-спортчу болуп калды.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло медал алды. Бул эгемен Кыргызстандын Олимпиада тарыхында кыз-келиндер арасындагы алгачкы медал.(ECh/GT/ZKo)

XS
SM
MD
LG