Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Британия жарандарын Ооганстандан чыгууга чакырды


Герат шаарынан качып бараткан жергиликтүү тургундар. Ооганстан. 5-август, 2021-жыл.
Герат шаарынан качып бараткан жергиликтүү тургундар. Ооганстан. 5-август, 2021-жыл.

Ооганстандагы кырдаалдын күн санап курчуп жатканына байланыштуу Британиянын бийлиги жарандарын өлкөдөн токтоосуз чыгууга чакырды.

Британ Тышкы ишер министрлиги сайтында "Ооганстандагы бардык британдыктарга тез арада коммерциялык автоунаалар менен өлкөдөн чыгуу сунушталат", - деп жазылган. .

6-августта ооган өкмөтүндөгү медиа борбордун башчысы Дава Хан Менапалды жоочулар атып өлтүрдү.

Талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид Менапалдын өлүмү үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

Ооганстандагы АКШ президенти Ооганстандан америкалык аскерлер быйыл 31-августка чейин толук чыгарыларын жарыялаган. Ошондон кийин Талибан кыймылы күчөп, өлкөнүн бир нече аймагын басып алууга жетишти. Мындан улам ооган аскерлери жана жайкын тургундар чектеш өлкөлөргө өтө качууда.

Ал тапта Талибан кыймылы Ооганстандын өкмөтүнүн жогорку даражалуу өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарды күчөтө турганын эскертти. Буга чейин талибдер Кабулда коргоо министринин милдетин аткаруучу Бисмиллах Хан Мухаммадиге кол салууга аракет жасашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG