Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Марипов: журналист Улукбек Карыбек уулун угууга даярмын


Улукбек Марипов эл менен жолугушуу учурунда. Ысык-Көл. 6-август, 2021-жыл.
Улукбек Марипов эл менен жолугушуу учурунда. Ысык-Көл. 6-август, 2021-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Фейсбуктагы" баракчасына Ысык-Көлдө белгисиз адамдар уурдап кеткени айтылып жаткан журналист Улукбек Карыбек уулу менен жолугуп, сүйлөшүүгө даяр экенин жазды.

Өкмөт башчысы баракчасында Ысык-Көл облусунда иш сапарында жүргөн учурунда эл менен жолугуп жатып бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин, "өз кишилерди" алдын ала чогултуу ыкмалары эскиргенин, ал ыкмаларга терс көз карашта экенин билдирген.

Улукбек Марипов журналист Улукбек Карыбек уулу айткан окуянын себептерин тактоо үчүн тийиштүү укук коргоо органдарына тапшырма бергенин, журналист менен жеке отуруп, сүйлөшүүгө даяр экенин белгилеген.

Журналист Улукбек Карыбек уулу социалдык тармактардагы баракчасына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун Ысык-Көлгө сапары учурунда ага суроо берүүнү көздөгөнү үчүн күч кызматкерлеринин кысымына кабылганын, белгисиз беткапчан үч адам аны уурдап бара жаткан жеринен качып кутулганын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 6-августта Ысык-Көл облусун кыдырды. Ал селден жабыркаган аймактарда болуп, жергиликтүү эл менен жолугушту. Алардын арыз-даттанууларын укту. Бардык калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Марипов мындан тышкары Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы, бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG