Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Олимпиада: өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов алтын медалга ээ болду


Баходир Жалолов.
Баходир Жалолов.

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарынын соңку күнү өзбекстандык мушкер Баходир Жалолов эң оор салмакта (+91кг) күч сынашып, алтын медаль алды.

Жалолов америкалык атаандашы Ричард Торрести 5:0 эсебинде утуп, жеңүүчү табылды.

Оор салмакта күч сынашып жүргөн 27 жаштагы спортчу Жалолов азыр дүйнөдөгү эң күчтүү 40 мушкердин катарына кирди.

Бул - өзбек спортчуларынын Токио Олимпиадасында алган үчүнчү алтын медалы. Жайкы Олимп оюндарынын биринчи алтынын Өзбекстанга таэквондочу Улугбек Рашитов, экинчи алтын медалды оор атлетчи Акбар Жураев алып берген.

Буга чейин өзбек командасы дагы эки коло медалга ээ болгон. Ушуну менен өзбек делегациясы Олимпиададагы оюндарын жыйынтыктады.

XS
SM
MD
LG