Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58

COVID-19: Бишкектен кийинки орунга Ысык-Көл чыкты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Коронавирус эң көп катталгандар боюнча 9-августта Бишкектен кийнки орунга Ысык-Көл облусу чыкты. COVID-19га каршы республикалык ыкчам штабдын расмий маалыматына караганда, бүгүн жалпысынан 483 учур катталды: Бишкекте 281, Ысык-Көлдө 71, Жалал-Абадда 57, Чүйдө 31, Нарында 19, ал эми Баткен, Ош, Талас облустарында онго жетпеген бейтап.

Эпидемия башталгандан бери Бишкек вирус эң көп катталган аймак болууда. Соңку 2-3 аптадан бери борбор калаадан кийинки орунда көбүнчө Чүй, кээде Жалал-Абад облустары болуп келген.

Ысык-Көлдө бул күндөрү туристтик сезон уланууда. Аба ырайы жакшы болгондуктан эс алуучулар көлгө көп каттап жатканын байкоого болот. Өткөн апталарда аталган облуста коронавирус менен суткасына 50 чактыдай адам катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG