Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Беларус аркылуу Польша менен Латвияга өткөн мигранттар көбөйдү


Беларус аркылуу өткөн мигранттар. 4-август, 2021-жыл.
Беларус аркылуу өткөн мигранттар. 4-август, 2021-жыл.

Польша менен Латвияда Беларус тараптан кирген мигранттардын саны өсүп жатат. 9-августта Польшанын чек ара кызматы билдирегендей, Беларус чек арасынан келе жаткан 300дөн ашык мыйзамсыз мигрант кармалган. Латвиянын Ички иштер министрлиги 218 мигрант кармалганын, алардын көбү ирактыктар экенин билдирди.

Польшанын, Балтика мамлекеттеринин жана Евробиримдиктин лидерлери мигранттарды Александр Лукашенко атайын шаркеттин санкцияларына жооп катары чек арадан кое берип жатканын айтышууда.

Буга чейин Литва дагы Беларустун чек арасы аркылуу өлкөгө кирген ирандык качкындар көбөйгөнүн билдирген. Мындан улам бул мамлекет чек араларын бекемдеп, мыйзамсыз мигранттардын агымын токтотуу аракеттерин күчөткөн.

9-августта өткөргөн сегиз сааттык маалымат жыйында Лукашенко анын өкмөтүнө каршы киргизилген эл аралык санкцияларды айыптады.

«Мыйзамсыз миграция. Жок, биз эч кимди опузалаган жокпуз. Эч кимди коркутуп-үркүткөн жокпуз. Болгону силер бизди ушундай шартка коюп жатасыңар, айла жок биз жооп беришибиз керек», - деди Лукашенко.

АКШ, Евробиримдик жана башка батыш мамлекеттери Александр Лукашенконун администрациясына былтыртан бери анын бийлигине каршы чыккандарды куугунтуктап, камаганы, Грекиядан Литвага бараткан учакты күчтөп кондуруп, ичиндеги оппозициячыл активистти камакка алганы үчүн бир катар санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG