Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Жемкорлукка айыпталган мурдагы жетекчинин жазасы жеңилдеп, абактан чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Жолдошбек Жунушев айыппул төлөп бермей болуп, абактан бошотулду. Ал мамлекетке 180 миң сом төлөөгө милдеттендирилген.

Мурдагы директорго карата өкүм 16-июлда чыгып, Жунушев сот залынан ошол күнү бошотулганын “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы 10-августта билдирди.

Жунушев 2020-жылдын октябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал жетектеген мекемесинде коррупциялык схема түзүп, мыйзамсыз акчаны бөлүштүрүүдө бир бөлүгүн өзүнө алып жүргөнүн билдирген.

Сот Жунушев акча алып жүргөнүнө далил жок экенин белгилеп, айыпты Жазык кодексинин “Коррупция” беренесинен “Шалаакылык” деген беренеге алмаштырган.

Бийлик алмашкан октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанда коррупция, мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иши бир топ азыркы жана мурдагы жетекчилерге козголууда. Бирок алардын камалгандан чыкканы бат болуп жатканы коомчулукта талкууланып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG